www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө чакырып кайрылган 75 адамдан турган топтун ичиндеги коомдук, мамлекеттик саясий ишмерлер четинен суракка чакырыла баштады.
Учурда Бекболот Талгарбеков менен Жантөрө Сатыбалдиевди суракка алып келишкени маалым болду.
Эми кезек экс-премьер-министрлер Мухаммедкалый Абылгазиев, Кубатбек Боронов жана экс-депутаттар Аалы Карашев, Иса Өмүркулов, Курсан Асановго жетеби деген суроо ачык бойдон турат.
Ырасында, суудан тайыз, чөптөн жапыз болушуп, баскан изи билинбей, көлкөсүнөн сактанып жүргөн, куйругунда калбыры бар топтор, тымызын баш көтөрүшүп, Өлкө башчысы Садыр Жапаровго басым жасап, президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү талабын коюшканы кутум жыттанып жаткан.
Эми ыңгайын күтүп тосотто жаткандардын түпкү максаты эмнеде болгонун суракка барышып далилдеп бериши керек, көтөргөн демилгелери канчалык деңгээлде мамлекеттин келечегин ойлогон кадам болгонун?