www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Швециянын аскерий альянска киришине бөгөт койсо, Финляндия аны күтпөстөн НАТОго кирет. Бул тууралуу “Zamon.uz” агенттигине Финляндиянын коргоо министри Микко Савола билдирди.

Ал кошумчалагандай, Хельсинки Стокгольм менен бир убакта биримдикке кирүүнү артык көрөт.

«Швеция биздин эң жакын өнөктөшүбүз. Дээрлик жума сайын биздин коргонуу күчтөрү биргелешкен машыгууларды өткөрөт. Бул абдан терең өнөктөштүк жана биз бири-бирибизге толук ишенебиз. Бирок азыр баары Түркиянын колунда», - деди министр.

Бир күн мурда Финляндиянын президенти Мюнхен коопсуздук конференциясында өлкө НАТОго мүчө болуу арызынан баш тарткысы келбей турганын билдирген.

Венгрия менен Түркия Швеция менен Финляндиянын НАТОго кошулуусун ратификациялай элек. Будапешт маселени тез арада чечүүнү убада кылууда, ал эми Анкара ратификацияны Скандинавиянын эки өлкөсү тең аткарышы керек болгон бир катар шарттарга байлады.

Последние новости