www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда 6-февралдагы адам өмүрүн алган жер титирөөдөн кийин болгон жер титирөөлөрдүн саны 6 миңден ашты. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөтүнө караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаменти (AFAD) билдирди.

"6-февралдан бери жер титирөөлөрдүн саны 6040тан ашты. Кадимки убакта Түркияда мындай сандагы жер титирөө төрт айдан бери катталып келет", - деди бөлүм башчысы Орхан Татар.

Анын айтымында, бир афтер силкинүүнүн күчү 6,6 балл, 40ка жакыны 5-6 балл, дагы 436сы 4-5 баллга жеткен.

Эскерте кетсек, 6-февралда Түркияда күчү 7 баллдан ашкан эки жер титирөө болгон (жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:17де – 7,7 жана 13:24тө – 7,6).

Президент Режеп Тайып Эрдоган Түркияда табигый кырсыктын курмандыктарына жети күндүк улуттук аза күтүү жарыялады. Түркиянын улуттук желектери өлкө боюнча жарым ылдый түшүрүлдү.

Фарангиз Салимова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости