www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финпол Тайырбек Сарпашевдин 500 гектардан ашык жерин мамлекеттин балансына кайтарып бермей болду, дагы кусат. Кезек Акаевдин учурунда аспиранттан миллиардерге айланган Кубанычбек Жумалиевдеби? Акаевди Жалал-Абадда иш сапарында  коштоп жүргөн Роза Аманова деген ырчы болгон. Булар тууралуу эмне ушак сөз укканын ким билет, Акаев Чаткалга барганда  Майрам Акаева жетип барат.

Президент Акаевдин бөлмөсүндө “скандал” болот, бул чыр-чатак кантип аяктаганын ким билет. Эртеси Акаев Жалал-Абадка облустун активин чогултат. Актив бүткөн соң губернаторун, акимдерди жана тиешелүү адамдарды алып калат. Ошол жерден “аспиранты” Кубанычбек Жумалиев Роза Амановага баш кошкон жатат деп жарыялап жиберет. Аялы менен ажырашты беле ким билет, Жумалиев ошентип баш кошуп, себине Акаевден премьер-министрликти жана Кыргызстандагы көзгө көрүнгөн жакшы нерселерди бүт менчиктештирип алган. Бул тууралуу ошол кезде аким болуп туруп, айласы жок булардын “свадьбасына” акча кошумчалаган адам айтат.

Эми Жумалиевдей бай жана зыкым адам жок. Ал байлыгын сакташ үчүн Атамбаевдин атын түбөлүк Бишкек-Ош альтернативдүү жолуна койгусу келген. Жээнбеков келгенде алар менен кудалашкысы келген. Жумалиевдин байлыктары чачтан көп, аны саноого көп убакыт керек.

Азыр Финансы полициясы Атамбаевдин биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча ишти тергеп жатат.Тергөөнүн жүрүшүндө Тайырбек Сарпашев Токтогул районунда жайгашкан мурда сатылып алынган жана өзүнүн жакын туугандарына катталган 500 гектар жайыт жерин, ошондой эле 30 гектар сугат жерин өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтаруу ниетин билдирди. Кийинки жумада, Сарпашев жогоруда аталган жер тилкелерин Токтогул районунун Торкен айылынын балансына кайтарып берет.

Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы сотко чейинки өндүрүштү улантууда, эмки кезек Жумалиевдики окшойт. Мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири көлөмдө 90 миллион сом зыян келтирилген Жапаровдон түшкөн акчаларды Финпол каякка жумшады экен же капчыгына солоштубу?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости