www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда президенттик шайлоо башталгандан бери Twitter АКШнын президенти Дональд Трамптын 200дөн ашуун твиттерин "талаштуу" деп белгилеген.

Президенттин Твиттердеги баракчасында «This claim about election fraud is disputed» (Шайлоолордогу бул бурмалоолор боюнча доомат талаштуу) же «Multiple sources called this election differently» (Көпчүлүк маалымат булактары шайлоонун жыйынтыгын башкача жазып чыгышты) деген эскертүүлөр колдонулат. 

Биринчи белги- Трамптын пикири боюнча 2020-жылдагы шайлоодо орун алган добуштарды массалык түрдө манипуляциялоо жөнүндө айтылган твиттерге жазылат.

Ал эми экинчиси- Трамптын шайлоодогу жеңиши жөнүндө жазган твиттерине тиешелүү колдонулат.

Көпчүлүк республикачы депутаттар Твиттерди сынга алып, анын аракетин социалдык тармактын башчыларынын "партияга" кызмат кылганы менен шартталган деп мүнөздөдү. Ал эми Сенатор Тед Круз Твиттердин аракетин "цензура" деп атады.

Америка Кошмо Штаттарында өткөн шайлоолордо массалык түрдө добуштарды бурмалоо боюнча бир дагы далил келтирилген эмес. АКШнын кибер жана инфраструктура коопсуздук агенттиги 2020-жылдагы шайлоону "Америка тарыхындагы эң коопсуз шайлоо" деп атады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости