www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө жүзүндө кооптуу жана сыйкырдуу шаарлар толтура кездешет. Мындай көрүнүш Кыргызстанда дагы жок эмес. NazarNews маалымат агенттиги дүйнө жүзүндөгү арбактар байырлаган шаарларды окурмандарына сунуштайбыз.

Дадлитаун (АКШ, Коннектикут)

Калың токой менен курчалган бул шаар туристтерди өзүнө тартканы менен жакын арадагы айылдардын жүрөгүнүн үшүн алып келе жатат. Бул шаарда мурун эл жашаган, бирок жашоочулары дайыма оор кырсыктарга кабылыша берген. Бир  фермердин айтуусунда караңгы кирер менен бул шаар шайтан-шабырдын уюгуна айланат, бир ирет ал жалаңкыч – монстр кантип кол салганынын күбөсү болгон. Свифт деген генералдын жубайы чагылгандан каза болгон, ал эми өзүн жин-шайтан азгырып мээ кайкы болуп жин оорулуу болуп калган. Бул шаарда бир үй-бүлө толугу менен жин-шайтандардын торуна илингени жок эмес. Джондун аялы кырсыктап өлгөн соң,  кыздары токойго барышып дайын-оту менен жок болушкан, үйү дагы күлгө айланып күйүп кеткен. Таң калычтуусу үйүндө күйүп кеткен Джондун денеси табылбай көздөн кайым болгон.

Дадлитаун - проклятый город бесов | Тайничок истории | Яндекс Дзен

Азыр  Дадлитаун – «арбак-шаар» ошону менен бирге өздөрүнүн нервдерин сынагысы келгендер үчүн көңүл ача турган жай. Шайтан-шабырдын уюгуна айланган шаардын тарыхын королдун бийлигин алмаштыруу үчүн күрөшкөн герцог Эдмунд Дадли менен байланыштырат. Ал ушул жерде өлтүрүлгөн.

Боди (АКШ, Калифорния)

1859 жылы Уильям.С. Боди Сьерра-Невада тоолорунда алтындын кенин табат. Өзү өздөштүрүүгө жетишпей, бороондо тоңуп өлөт, бирок сырын жанындагыларга ачып кетет. Тез эле анын наамындагы шаар кендин айланасында пайда болот. Андан кийин бул жерде дагы кендер табылып шаар дүркүрөп өсөт. Бул шаар кылмыштын чордонуна айланып, уурдап-тоноонун очогуна айланат. Бул шаарга бара тургандар: «Кош бол, жашоо, биз Бодиге барабыз» - деп, дуба кылчу экен.

Боди — проклятый город - The Jizn

Шаарда турмуш кайнап, 65 салун же америкалык бар, казино ойной турган жайлар, притон, барделдерге темир жол аркылуу ичкиликтер ташылып турчу. Кийинчерек алтын да түгөнүп, эли самсып көчүп кете баштаган. Бир ирет шаардын чоң бөлүгү өрткө кабылды. Коркунуч туудурган өлүмдөн соң бул жакта киши деле калбай калды.

Боди город-призрак (Калифорния, США) | BARONUS

Азыр Боди – туристтерди кызыктырган «арбак-шаар». Шахтада каза болгон 3 жашар баланын периште түрүндө эстелиги бар. Бул наристе баланын арбагы кээде чыгып, туристтердин балдары менен ойнойт дешет.

Централия (АКШ, Пенсильвания)

Пенсильвания штатында шахтерлордун шаарчасы бар, бул жерде көмүр көп болгондуктан «Locust Mountin Coal and Iron Company» көмүр компаниясын курууга бел байлашат.  Алардын тилеги ишке ашып шаар гүлдөй баштайт. Бирок, 1868-жылы Централияны долбоорлоп жаткан инженер Александр Реа белгисиз адамдардын колунан көз жумат.

Централия - город, который сожгли и забыли / Centralia - burned and  forgotten city - YouTube

Александр Реа өлүп бара жатып, анын өлүмүнө себепкер болгон шаардыктарды: «Бардыгыңар тең күйүп өлгүлө» - деп, каргап кеткен экен. Бул каргыш жүз жыл өткөн соң ишке ашат. 1962-жылы майда шаардык кеңеш таштандыларды тазалоо үчүн өрт өчүргүчтөрдү чакырат. Алар таштандыларды, өрттү чала өчүрүп кете беришет. Таштандыдан калган чоктор күйүп отуруп, жер алдындагы шахталарга жабышат. Бир саат өтпөй шаардын алдындагы көмүр кени күйө баштайт. Өрттүн жалыны шаарды каптап, шаардын жашоочулары башка шаарга көчүп кетишет, бирок шаар мэри, чиркөө кызматкери жана башкалар кала беришет.

Загнивающий Запад Twitterissä: "Сайлент Хилл, город Централия, штат  Пенсильвания, 20 лет спустя после пожаров на Шахтах.  https://t.co/IekY598awN"

Блаффтон (АКШ, Техас)

2011-жылы катуу кургакчылыктан соң Техас штатындагы кээ бир көлдөр соолуп калган. Кызыгы, ошол соолуп калган жерлерде мурун шаар эсептелген эски үйлөрдүн элеси ачылды. Ушулардын көзгө көрүнөрү Блаффтон шаары 1940-жылы сууга чөгүп кеткен. Анын жанында жаңы Блаффтон шаары өсүп чыккан.

9 самых таинственных городов-призраков в мире | Marie Claire

Молога (Орусия)

Рыбинск менен катарлаш бул шаарды орус Атлантидасы дешет. 1935-жылы жаңы ГЭС курулуп, бул шаар суу алдында калган. Суунун үстүнөн шаардын чиркөөлөрү, үйлөрү даана көрүнүп турат.

СССР "Исчезнувший город Молога" Кинохроника трагедии, Ярославская область -  YouTube

Сан-Жи (Тайвань)

Бул шаарды куруп жатканда эле куруучулар кырсыкка учурай баштаган. Шаар курулуп бүткөн соң эч бир үй сатып алынбай курорттук аймакка айлантышат. Тилекке каршы туристтер дагы келбей коюшуп ээн калган. Өкмөт тарабынан курулган үйлөрдү бузууга жасаган майнаптар ишке ашпайт. Бул шаардан коркушуп бомждар да келбей коюшкан.

Из серии "город-призрак" Тайвань Сан Жи — Сообщество  «Драйвер-Путешественник» на DRIVE2

Сан Жи – город-призрак | Хронотон

Город-призрак НЛО на Тайване | ФОТО НОВОСТИ

Крако (Италия)

1963-жылы катуу жер титирөөдөн соң бул шаар арбак шаарга айланат. Жергиликтүү тургундар шаарды таштап кошуна айылдарга көчүп кетишкен. Бирок бул шаар туристтердин мекенине айланган.

Город-призрак Крако (Италия)

Крако - средневековый город Европы, Италия

Мемфис (Мисир)

Байыркы доордо Мисирдин борбору эсептелген Мемфис, Каирден 19 км түштүк тарапта турат. Бир нече миңдеген жылдар Мемфис, Африка менен Азиянын маданий, административдик жана соода жайына айланган. Александриянын пайда болушу менен Мемфис өз кадырын жоготот. Азыр Мемфис ачык асман алдында музей шаар.

Memphis Necropolis | Koleksiyon 'Afrikadaki Unesco Dünya Mirası Alanları' |  OrangeSmile.com

Фамагуста (Кипр)

Түркия менен Грециянын ортосунда болгон кандуу салгылашуулардан соң гүлдөп турган шаар таланып-тонолуп урандыга айланган. Бул мамлекеттер сырдуу аймакты бири-бирине ыраа көрүшпөйт, учурда шаар экөөнө тең тийешеси жок, бирок туристтерди өзүнө тартып турат.

Фамагуста - мертвый квартал Вароша.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости