www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адамдын жүзүн карап ички дүйнөсүн билүү кыйын. Ошентсе да котур ташы койнунда ойногон ичи бузуктар көпкө узабай билинип калат. Жан дүйнөсү деңиздей толкуган жакшы адамдар деле ошол сыяктуу. Адамдар бирөө менен мамиле курууда алгач жакшы-жаман экенин билбей, аягында тырмагын тиштеп калган учурлар жашоодо көп эле кездешет. Кемчилдик кетиришет, кектенүү пайда болот, же  тескеричинче жакшынын мыкты сапаттарын өзүнө тартып алышат. Чын эле адамдын жүзүн карап, жан дүйнөсү кандай экенин билсе болобу? Буга кызыккандар арбын чыгар. NazarNews маалымат агенттиги ушул тармакта окумуштуулардын  жүргүзгөн эксперименттерине токтолду.

Физиогномика – адамдын жүзүндөгү сызыктар аркылуу анын руханий түзүлүшүн аныктоочу искусствонун бир бөлүгү. Байыркы убактардан бери адамдар бет түзүлүшүбүздүн тагдыр же мүнөзүбүздөн кабар берип, бербегенине кызыгып келишкен. Адамдын бетиндеги өзгөчөлүктөр менен сызыктар арасында белгилүү бир корреляциянын бар же жок экендигин аныктоого карата жасалган изилдөөлөрдү топтоп, Байыркы Грецияда Аристотелдин физиогномика боюнча жазылган китеби жарык көргөн. Аталган искусство түрү 18-19-кылымдарда Европада шектүүлөрдү табуу үчүн колдонулган криминалдык изилдөө иши болсо, 20-кылымда эл арасында ырым-жырым катары тарай баштаган. Ал эми азыр психонализ жана коммуникация тармактарында колдонулуучу эффективдүү булак катары белгилүү. 

Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде сунушталган  төмөнкүдөй мүнөздөмөлөр аркылуу адамдардын жүзүн окууга аракет кылып көрүңүз.
Эгерде чекенин түзүлүшү:

1. Алыс болсо: интеллигент, өтө кыялкеч
2. Нормалдуу: оор басырыктуу, жөндөмдүү
3. Жакын: өтө кылдат жана так
4. Тик: Эркин, көз карандысыз
5. Тегерек: кекчил, тез жинденет
6. Өтө кең болсо: намыскөй
7. Шишип турса: инициативдүү, бат тил табышуучу
8. Кирип турса: уялчаак
9. Өтө кичине болсо: сараң, кызуу кандуу
10. Жылмакай, түз болсо: ажарлуу, сыпайы жана сырткы келбетке өзгөчө маани берет.
Каш:
1. Өйдө көтөрүлүп турса: кыймылдуу, мансапкор
2. Түз: өзү каалаган нерсени кылганды жактырат, оптимист
3. Кең: эркиндикти жактырат
4. Узун: күчтүү
5. Төмөн карап турса: Сабырсыз, чыдамсыз
6. Кыска: Сабырдуу, жоош
7. Ичке: ийкемдүү, ийгиликтүү
8. Жыш болсо: кубаттуу, энергиялуу
9. Мурундун үстүндө биригип турса: кызуу кандуу, ачуулуу
10. Калың болуп төмөн карай ийилип турса: кыялкеч
11. Көзгө жакын болуп, жарым ай формасында болсо: эркин

Көз:
1. Терең кирип, чуңкурайып турса: олуттуу, интуициясы менен иштейт
2. Мурунга жакын болсо: концентрациясы күчтүү, чечкиндүү
3. Чоң көз: сылык, ишенимдүү
4. Кичинекей: эрксиз, чечкинсиз
5. Орто болсо: жакшы мүнөздүү
6. Бакырайып, жанып турса: туруктуу
Көздүн түсү:
1. Кара-күрөң же кара-көк түстө болсо: ишенимдүү, олуттуу
2. Боз түстө: туруктуу
3. Жашыл: чечкиндүү, так
4. Күрөң: башкаларды ойлоп, бат тил табышуучу, иштери жүрүшпөй баштаганда тез жинденүүчү
5. Каштан түсүнө жакын болсо: оор басырыктуу
6. Бозомтук-көк: романтика жана поэзияга жакын 
7. Кара: шайыр, энергиялуу
8. Көк: эмоционалдуу, көпчүлүктүн көңүл чордонунда
Эриндер:
1. Кенен болуп, төмөн карап турса: жоомарт
2. Кыска, өйдө көтөрүлүп турса: намыскөй
3. Чоң болсо: эрктүү, тайманбас
4. Астыңкы эрин чоң болсо: жалкоо
5. Ичке болсо: шайыр, тамашөкөй
Ээк:
1. Кенен болсо: лидер, айтканы айткан
2. Төрт бурчтук формасында болсо: орой
3. Тегерек формасында болсо: энергияга бай
4. Тар: жумшак
5. Экиге бөлүнүп турса: чечкинсиз
6. Уячасы бар болсо: өжөр
7. Кичине болсо: чечкинсиз
Бет түзүлүшү:
1. Калың жана тегерек болсо: жүрөгү таза
2. Өтө узун: эгоист
3. Тартылып турса: мүнөзү терс
4. Сөөктүү, квадрат формасында болсо: өтө сак, кээде абдан серт, жаман мүнөздүү
5. Семиз болсо: оюн-зоокко жакын, материалист
6. Сүйрү жана узун: өзүн абдан жакшы көрөт
7. Кичинекей: эрксиз, бош
8. Сөөктүү: тартынчаак, иштегенди сүйөт
9. Үч бурчтук формасында болсо: сезимтал
10. Арык болсо: терең ойлонуп иш кылат, сак.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости