www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орус аскерлеринин Украинадан жыл аягына чейин чыгарылып кетиши тууралуу сөз жок. Бул тууралуу кечээ, 13-декабрда РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдирди.
Кремлдин басма сөз катчысы Орусия Федерациясы 2022-жылдын аягына чейин өз аскерлерин Украинадан чыгарууну баштоо мүмкүнчүлүгүн карап жатабы деген суроого: «Бул сөз болушу мүмкүн эмес», - деди.
Ал тынчтыкка жетишүү үчүн Орусиянын курамына жаңы аймактардын киришинин жаңы реалдуулуктарын эске алуу зарыл деп билдирди.
«Украина тарап бул убакыттын ичинде пайда болгон реалдуулукту эске алышы керек. Бул реалдуулуктар бул аймактарда өткөн референдумдун жыйынтыгында пайда болгон Орусия Федерациясынын жаңы субъекттеринин бар экенин көрсөтүп турат», - деди Кремлдин өкүлү.
Ал жаңы реалдуулуктарды эске албай туруп, [келишим боюнча] эч кандай прогресске жетишүүгө болбойт деп ишенет.
Булак: NazarNews.kg