www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандан Ооганстанга электр энергиясын жеткирүү токтой элек. Бул тууралуу Өзбекстандын Энергетика министрлиги билдирди.

Кептин баары Ооганстандын DABS энергетикалык компаниясынын өкүлү Хикматулла Майванди видеокайрылуусунда Өзбекстан электр тармактарындагы көйгөйлөрдөн улам Кабулдун алдындагы келишимдик милдеттенмелерин убактылуу аткара албай жатканын билдирген. Өзбек тарап бул кайрылууну четке кагууда.

Маалым болгондой, учурда электр энергиясы бир «Найбобот 1» электр берүү тармагы аркылуу берилсе, экинчи «Найбобот 2» түйүнү техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам оңдолуп жатат. Буга байланыштуу Ооганстанга электр энергиясын экспорттоо кыскартылды, бирок токтотулган жок.

«Ушул күндөрү 125 МВт электр энергиясы берилип жатат», — деп айтылат өзбек тараптын билдирүүсүндө.

Маалымат үчүн айта кетсек, Da Afghanistan Breshna Sherkat (DABS) Афганистандын Корпорациялар жана Жоопкерчилиги чектелген мыйзамына ылайык түзүлгөн көз карандысыз жана автономдуу компания. DABS жоопкерчилиги чектелген коом болуп саналат, анын бардык акциялары Ооганстандын өкмөтүнө таандык.

Компания 2008-жылдын 4-майында түзүлгөн. DABS коммерциялык негизде Ооганстан боюнча электр энергиясын өндүрүүнү, импортту, берүүнү жана бөлүштүрүүнү башкарат.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости