www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлиги акыркы убакта социалдык тармактарда коомчулукту удургутууга багытталган чагымчыл билдирүүлөр көбөйгөнүн эскертип, жарандарды мыйзам чегинен чыкпоого чакырды.

Министрлик быйыл Ысык-Көлдө өтө турган суудагы "Формула-1" катары таанылган дүйнөлүк кайыктар жарышы боюнча айтылган сын-пикирлерди төгүндөдү.

"Борбор Азияда биринчи жолу өтө турган бул престиждүү мелдешке Кыргызстандын тандалышы – өлкөдөгү коопсуздуктун, туруктуу экономиканын жана ишенимдүү өнүгүүнүн далили. Жарышка катышуучу моторлуу кайыктар заманбап үлгүдө жасалып, май акпагандай жабдылган. Бул чемпионат 40 жылдан бери дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө, анын ичинде туюк көлдөрдө да өткөрүлүп, бир да жолу экологияга зыян келтирген эмес", - деп айтылат маалыматта.

ИИМ президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 5 жылдан бери Ысык-Көлдүн түбүн торлордон жана таштандылардан тазалоо иштери жигердүү жүрүп жатканын жана мамлекет экологияга өзгөчө маани берерин белгиледи.

Ошондой эле министрлик социалдык тармактардын кыргыз сегментинде чет өлкөлүк жумушчуларга карата жек көрүүнү жана улут аралык кастыкты күчөтө турган чагымчыл билдирүүлөр тарап жатканын белгиледи.

"Учурда өлкөдө Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу, Асман шаары, Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу масштабдуу объектилер курулууда. Бул үчүн сырттан адистерди жана жумушчу күчүн тартуу зарылчылыгы келип чыккан. Чет элдик жумушчулар өлкөгө ээн-эркин кирген жок, алардын ар бири тийиштүү виза жана уруксат кагаздары менен келип, мамлекеттин толук көзөмөлүндө турат. 2030-2035-жылдары долбоорлор аяктаганда, алар өлкөдөн толук чыгып кетишет", - деп айтылат маалыматта.

ИИМ жарандарды маалымат таратууда этият болууга, чын-төгүнүн аныктап, анан талдоого алууга чакырат. Мыйзам чегинен чыгып, чагымчылдыкка алдырбагыла. Мыйзам бузулуп, жоопко тартуу чаралары көрүлө баштаганда, 'жөн эле кармап жатат' деп нааразычылык жаратууга негиз жок.

Последние новости