www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде жаңы чек ара посту ачылды

Баткен районунун Согмент айылында Чарбак тозотуна караштуу "Согмент" чек ара постунун ачылыш аземи өттү. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чара чек арачылардын кесиптик майрамына туш келип, өлкө боюнча бир катар чек ара объекттеринин ачылышы менен бирге уюштурулду.

Иш-чарага Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев (онлайн) жана президенттин өкүлү Мамыржан Рахимов баштаган жергиликтүү жетекчилер катышты.

Жетекчилер бул окуя мамлекеттин коопсуздугун чыңдоого жана чек арачыларга көрсөтүлгөн өзгөчө көңүл бурууга далил экенин белгилешти.

Мында сапаттуу кызмат өтөө үчүн бардык заманбап талаптарга жооп берген казарма курулуп, керектүү шарттар түзүлдү.

Бул посттун чек арачылары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын 12 чакырымдан ашык бөлүгүн кайтарат.

Последние новости