www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнү алдыдагы эки-үч жыл бою согуштук аракеттерди улантууга даярдоо зарылдыгы боюнча тапшырмаларды берди.

Бул тууралуу «The Economist» басылмасы украин мамлекеттик түзүмдөрүндөгү булактарга таянып жазды. Маалыматка ылайык, айрым украин аткаминерлери өлкө узакка созулган жаңжал шартында туруктуулукту сактай алат деп эсептешет. Бирок узакка созулган согуш милитаризациянын күчөшүнө жана аскер тармагындагы коррупцияга каршы күрөштүн татаалдашына алып келиши мүмкүн экени белгиленди.

Басылма ошондой эле Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун 13-майдагы билдирүүсүн эске салды. Анын айтымында, тынчтык сүйлөшүүлөрү башталар алдында украин аскерлери Орусия өзүнө таандык деп эсептеген аймактардан чыгарылышы керек.

Эске салсак, 2024-жылдын июнь айында Владимир Путин ок атышууну токтотуу үчүн Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарынан украин аскерлерин чыгарып кетүү, бул аймактарды Орусияныкы деп таануу, санкцияларды алып салуу жана Украинанын бейтарап макам алышы керектигин билдирген.

Последние новости