www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акчалуулар менен колунда бийлиги барлардын заманы болду. Каалаганын кылышат. “Кой” деген киши жок болуп калды. Бардыгын колго алып койгондой. Өзүнчө эле 70-80-90-жылдардагыдай атактуу Италиянын Сицилия аралында гангстер, мафиозилердин арасында күн кечиргендейбиз. Сот, прокуратура баары эле акча. Баары эле бирөөнүн кожоюнун колунан сөөк мүлжүгөндөр.

Айталы дегенибиз, Кыргызстанда белгилүү кландардын бири Салымбековдор. Адилеттүүлүк үчүн белгилей кетиш керек, бул клан негиздеген Дордой жана башка бизнесинин артынан далай ишкерлер бутуна турушту, бакыт табышты, акчалуу, үй-жайлуу болушту. Бирок, бул кландын мүчөлөрү деле тирүү адамдар да. Айрымы ырыскысын көтөрө албай, бой көтөрө баштайт эмеспи. Аталары убагында “движение” кылбаса буларың деле мурдунан чимкиригин тарта албай жүрбөйт беле. Дегенибиз, "Аламүдүн" базарынын ээси Раим Мааткабылов тууралуу. Белгилүү Аскар Салымбековдун агасынын баласы. Ушул жигитке байланыштуу укук коргоочу Рита Карасартова Фейсбук баракчасына кызыктуу бир окуяны жазыптыр. 

- Эки ишмер айым Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу "Аламүдүн" базарынын жанынан ишмердүүлүгүн ишке ашырууга УЗРден (управление земельными ресурсами) уруксатын алып, ижарасын төлөп, мына контейнер коюп ишти баштайлы десе, Аламүдүн базарынын кожоюну Раим Мааткабылов (Салымбековдун агасынын уулу) "эмне кылсаңар ошону кылгыла, бул жерге эч кандай контейнер койдурбайм" деп, жолду чоң унаа менен тороп салды. Ишкерлер базардын администрациясына кайрылып, документтерин көрсөтөйүн десе,  баары бир бул жерге эч нерсе койбойсуңар деген жоопту уккан ишкер айымдар, милицияга кайрылса дагы эч бир майнап чыкпай, ЭМИ КАЙСЫ ЖЕРГЕ КАЙРЫЛУУ КЕРЕК, деп, мыйзамдуулук деги жоголгон турбайбы, мамлекетибизде бийлик деле жок турбайбы, деп бизге келишиптир. Сотко берейин дешсе, иш сотко кетсе башка органдар таптакыр карабай коюшат, сот чечим чыгарсын деп. Анан соттун чечимине деле ишенген адам жок. Соттошуп бүткөнчө ижара мөөнөт деле аяктайт. ЭМНЕ КЫЛАЛЫ дешет. Урматтуу Кыргыз Республикасынын прокуратурасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Ички иштер министрлигинин жетекчиси, МАМЛЕКЕТИБИЗДЕ МЫЙЗАМДУУЛУК ДЕГЕН БАРБЫ, БИЙЛИК ДЕГЕН БАРБЫ, КЫРГЫЗ ИШКЕР АЙЫМДАРЫН КОРГОЙ ТУРГАН БИРӨӨ БАРБЫ???

P.S. Бай болсоң, чоң муштум болсоң бийлик деле мыйзам деле ага баары бир турбайбы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости