www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурдагы бийликке каршы аттанышып, кичинекей болсо да көнгөн “истеблишменттин” бекер тамагын жалап калалы деген түбөлүк  номенклатуранын адамдары бириккени туру. Анткени, булар бирден парламенттик шайлоого барышса жолдон “бөрүлөр” жеп койчудай.

Тарыхка кайрылалы, 2005-жылы Бабанов саясатка жаңы аттанганда аны колдоп жүргөн Айдар Акаев ата, мамасы менен бийлик менен кош айтышпай Москвага кетет. Бабанов Айдар Акаев менен достугун үзөт. Президенттикке талапкер катары Курманбек Бакиев, Феликс Куловдор аттанышат. Түштүк, Түндүк маселеси курчуйт. Алмазбек Атамбаев Куловдун республикалык штабынын жетекчилигин, Бабанов чуркай турган “пешка” кызматын алат. Ушул учурда Бабанов жөн жүрбөй Рыспекке сөйкөнүп алат. 2005-жылы күзүндө  Батукаев тарабынан Рысбектин иниси, ЖК депутаты Тынчтыкбек Акматбаев өлтүрүлөт. Ак үй, Көк үйдөгү аттуу-баштуу атка минерлер бир чети Рысбекке көңүл айтышса, экинчиден Рысбектин көзүнө көрүнүп калалы деп ал кездеги депутат Сооронбай Жээнбеков баш болуп, Чолпон-Атага агылышат.

Таластыктарга ЖК депутаты Болот Шерниязов баш-көз болуп барган экен, куран окуп кетеринде Рысбек тили жөн турбай, кычаштык кылган Бабановду калтырып кеткиле деген экен. Рыспектин айтканын угар менен өң-алеттен кетип, кан кусуп, шымына сийип жиберген Бабанов бүгүн дердеңдеп кимдерди бириктирген жатат?

Текебаев болсо отуз жылдан бери саясатты “менчиктештирип” минип алып жоор кылып бүттү. КДКдан бөлүнгөн “Ата-Мекенди” да Акаев убагында “прихватташтырган”. Атамбаев президент кезинде “Конституциянын атасы” каалагандай чардаганы менен, 2016-жылы Атамбаевдин бийлиги аяктаар алдында Атамбаев Конституцияны өзгөртө турган референдумга каршы чыгып жатып, бир-аз мезгил түрмөнү көрүп чыкты. “Конституциянын атасы” азыркы бийликти мактап жатып камактан бошогон. Эми бийликти “Кайдан көрдүм кара эшек” деп турган маалы, анткени камактан бошоду да. Эми шайтан менен болсо да биригип, парламентке келиш керек.

Акыркы мезгилдерде Орусия, Казакстанга чапкылап, Руслан Казакбаевдин тоюн кульминациялык бийиктик катары эсептеген Бабанов бириктиргиси келген күчтөр: КСДП, “Ата-Мекен”, булардын ортосунда карама-каршылык, бири-бирин камап салуу деген окуялар баштарынан өтүшкөн. Булар эл көзүнчө бычакташып, өздөрүнчө келгенде кучакташкан немелер. 2010-жылдан баштап өздөрүнөн башка кимге эмне жакшылык кылганын эстеп көрүшсүн. Кайрадан бийлик колдоруна тийишсе, бири-бирин жарып өлтүрүшкүсү келишет...

(уландысы бар)

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости