www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгер зарылчылык жаралса Кара-Буура аймактык ооруканасындагы реанимацияда жаткан үч бейтап дагы Бишкекке алып келинери айтылды.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Таластагы тез тамактануучу жайдагы өрттөн күйүк алган адамдардын абалынан кабар алып, алардын ден соолугу боюнча консилиум өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

  • Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Таластагы тез тамактануучу жайдагы өрттөн күйүк алган адамдардын абалынан кабар алып, алардын ден соолугу боюнча консилиум өткөрдү

  • Ага ылайык, министр Кара-Буура жана Талас аймактык ооруканаларына барып медициналык жардам алып жаткандардын ден соолугун сураган

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Таластагы тез тамактануучу жайдагы өрттөн күйүк алган адамдардын абалынан кабар алып, алардын ден соолугу боюнча консилиум өткөрдү

Ага ылайык, министр Кара-Буура жана Талас аймактык ооруканаларына барып медициналык жардам алып жаткандардын ден соолугун сураган. Бул тууралуу маалыматты sputnik.kg билдирди.

"Консилиумдан кийин жабыркаган Талас аймактык ооруканасындагы реанимацияда жаткан эки адамды Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жөнөтүү чечими кабыл алынган", — деп айтылат маалыматта.

Эгер зарылчылык жаралса Кара-Буура аймактык ооруканасындагы реанимацияда жаткан үч бейтап дагы Бишкекке алып келинери айтылды.

Бейшеналиев жабыркагандарга керектүү медициналык жардамды берип, аларды дары-дармек менен камсыз кылуу тапшырмасын берген. Ошондой эле бардык адистердин катышуусу менен консультация уюштурууну табыштаган.

Күйүк бөлүмү. Архивдик сүрөт

Эске салсак, 4-январь күнү Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылындагы "Шаурма City" тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып, өрт чыккан.

Кырсыктан 11 адам жабыркап ооруканага түшкөн. Алардын арасында бир жаш бала дагы бар эле. Жарылуунун келип чыгышына газ баллонду колдонууда өрт коопсуздугу боюнча эрежелердин бузулушу себеп болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости