www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадырман кыргыз калкым! Акылман ата-бабаларыбыз “Тарыхы болбой – эл болбойт, тамыры болбой бак болбойт”, – деген накыл сөздү бизге эскертип келишкен. Мен кыргызмын, кыргызмын деп жашап келем, кыргызмын деп сыймыктанам. Биз ата-бабаларыбыз мурас кылып сактап келген Ата-Журтту сүйөбүз. Жаш муундарды да Мекенди сүйүүгө, барктоого тарбиялап келебиз.

Нечендеген кылымдарды басып өтүп, тарыхта бирде бийиктеп, бирде чөгүп, Ата-Журтту сырт душмандардан коргоп, кашык каны калганча күрөшүп, келечек муунга мурас калтырганына миң мертебе тобо келтирип, таазим этишибиз керек. Келечек муунга бакубат, бай өлкөнү түзүп өткөрүп берүү биздин мойнубузга жүктөлгөн ыйык парзыбыз, милдетибиз экенин жалпы кыргыз эли сезип, билишибиз зарыл.

Көз жоосун алган, асман тиреген Ала-Тообузга, касиеттүү, керемет Ысык-Көл, Сары-Челек көлдөрүбүзгө, мөлтүр кашка суу, булактарыбызга, мөмө-жемиши, дары чөптөргө бай жашыл токойлорубузга кимдер гана кызыкпаган.

Эгемендүүлүктү алган 30 жыл ичинде жогорку бийликтегилер жерибизди, кен байлыктарыбызды сатты. Сырттан душман келип алган жок. Атка минерлер арзан баада сатышып, калганын өз чөнтөктөрүнө кымырып, мамлекеттин өнүгүүсүн ойлобой, элди азапка салды. Эл 30 жылда ар кандай сыноолордон өттү, кыйналды, чайпалды, бала-чакасын багуу үчүн чет өлкөгө жалданып иштөөгө мажбур болуп, азап чегишти. Баштан өткөн көп кыйынчылыктарга карабастан жакшы жашоо болоор деген үмүттө бийликтегилерге үмүт артып, ишенип жашап келишти.

Бирок, бийлик башындагылар, алардын кошоматчылары жана партиялардан шайланып барган депутаттар элдин ишенимин, үмүтүн актаган жок. Айрыкча акыркы он жылдыкта бийликтегилер элди ойлобой мамлекеттен уурдап алган байлыктары, алтындары көздөрүн боёп, май бастырып, эч нерсени көргүсү келбей, элден бөлүнүп жашап келишти. Мамлекетти карызга, элди сазга батырышты. Эл эски саясатчылар бийликке келсе кресло талашып, чоң кызматтарды менчиктеп аларын жана арам байлыктарын сактап калышы үчүн жан талашып жатканын түшүнүштү. Эл тажады, өзгөрүүнү эңсеген мекендештерибиз, айрыкча жаштар акыры 5-6-октябрда бийликти алмаштырышты.

Бийликтин эң жогорку кызматына мекенчил чындык деп чыркыраган Садыр Жапаровду отургузушту. Мекен үчүн күйүп-жанган, элдин көз карашына дал келген жаңыланууга бара турганын эл сезип, колдоп турду. Садыр жер-жерлерде болгон жолугушууларда жалпы элдин батасын алды. Карапайым калкыбыз жаңыланууга умтулуп, Баш мыйзамды өзгөртүп, элдик курултайды киргизүүнү самап жатышат. Садыр Жапаров Премьер министр, Президенттин милдетин аткаруучу кызматтарын тапшырып, жөнөкөй жаран катары президенттикке талапкерликке аттанып жатса да кээ бир көрө албас саясатчылар аны каралоону уюштурууда жана элге иштебеген баш мыйзамды сактап калууну самап жатышат.

Конституция жеке адамдардын кызыкчылыгына иштебей, жалпы элдик болушу керек. Элибиз жаңыланууга бара жатса да Конституциянын атасымын дегендер бир гана Садырга эмес, жалпы кыргыздын мүдөөсүнө каршы чыгып жатышат. Баш мыйзамга жеке адам автор боло албайт, анын атасы болбойт. Конституцияга мараторий киргизип, менчиктеп алууга эч кимдин укугу жок. Баш мыйзам жалпы элдики болушу зарыл. Курултай институтун киргизүү – бул парламентаризмдин бир бутагы катары иштөөсүн сунуш кылып жатышат.

Кыргыз элибиздин тарыхында мамлекет үчүн, эл үчүн кызмат кылган аты жумурай журтка белгилүү болгон инсандарыбыз көп эле болгон. Бирок, “Улуттук лидер” аталып, чын дилинен элим деп күйүп, жанганы, аларды дайыма эскерип жүргөнү экөө эле. Ал Жусуп Абдырахманов, Исхак Раззаков. Садыр алардын жолун улантуучу кыргыздын эр азаматы болуп турат.

Анын эл деп күйүп, абакка күнөөсүз отурганы Аллахтын сыноосу деп билебиз. Ак ийилет, бирок сынбайт. Ага Кудайдын назары түшүп, жараткандын буйругу менен калың журт колдоп, Кыргызстанда оор кырдаал түзүлгөндө эл Садырга таянып, ишенип, үмүт артып турат. Анын бара жаткан жолу, багыты туура. Эч тайманбастан алдыга койгон максаттарына жетишүүгө умтула беришин калайык-калкыбыз колдоп турат. Жаңылануунун жолунда элдин үмүтү Садырда. Сабыр тутуп 10 жылдан бери мамлекет үчүн, эл үчүн жан күйгүзүп күрөшүп келгениң сезип, билип турушат. Ага кандай каралоо, көө шыбабасын, ак иштеген таза адамга каралоо жукпайт. Сабырдуу болуп, элдин ишенимине ээ болушун Кудайдан тилейбиз.

Кыргыздын тарыхында эл башына оор кырдаал түшкөндө журт башчы, бийлери ынтымакка келип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып биригип келишкен. Садырга бут тоскондор элди бөлүп-жарууда. Карапайым калк аларды жаңыланууга жана жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгына бут тосуп жатат деп түшүнүүдө. Мекеним, элим-жерим деп күйгөн азаматка кандай гана каралоо айтышпасын тарыхтын шамалдары аны учуруп кетет, ал ак жолдо бара жатат.

Садыр шайлоо алдында эл менен жолугушуп, алардын көйгөйүн угуп жүрсө калган он жети талапкер элден качып жүрүшөт. Элден качкан адам Президент, эл башкара алабы? Жок.

Шайлоо да өтөт, шайлоонун эртеси да болот. Бүгүн бүткүл дүйнө Кыргызстанды карап турат. Шайлоодон кийин башка өлкөлөргө уят болбой кыргыздын нукура салтын, адебин сактап, ынтымакка келип, утулгандар жеңилгенин мойнуна алып, жеңип чыккан эр азаматты куттуктап, өлкөбүздүн келечеги үчүн кам көрүүсү зарыл.

Абдырахман ИСАКОВ, Ноокен району

Булак: NazarNews.kg

Последние новости