www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Францияда коронавируска каршы эмдөө январь айында башталып, ал бардык жарандар үчүн акысыз болот. Бийлик бул программага өлкөнүн бюджетинен 1,5 миллиард евро сарптай тургандыгын премьер-министр Жан Кастекс маалымдады.

Маалыматка ылайык, карылар үйүндө жашаган бир миллион карыя эмдөөнү биринчилерден болуп алышат. Февраль айында коркунуч алдында турган 14 миллион адам, ал эми жазында - өлкөнүн калган калкы эмделет. Кастекс эмдөө боюнча бардык чечимдер мүмкүн болушунча ачык-айкын болуп, коомчулук бардык маалыматты эркин билерин баса белгиледи.

Франция - ковид вакцинасына байланыштуу планетадагы эң күмөн санаган өлкөлөрдүн бири. Жакында жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, 67 миллион адамдан турган өлкөнүн калкынын 41 пайызы гана коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүнү пландаштырууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости