www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Францияда цитаталардан чыр чыгып…

Франциянын президентине талапкер кыйла оңчул “Улуттук фронттон” талапкер Марин Ле Пенди шайлоонун биринчи турунда утулуп калган атаандашы Франсуа Фийондун сөзүн колдонгон деп айыптап чыгышты. Ле Пендин партиясынын өкүлү жооп иретинде: “бул плагиаттык эмес, каймана цитата” деди. Сөздөрдүн окшоштугун биринчи болуп YouTubeRidicule TVнын сатиралык журналы таап чыккан. Алар Ле Пен менен Фийондун сүйлөгөн сөздөрүнөн үзүндүлөрдү алып, видеоролик жаратышканда, экөөнүн сөзү бири-бирине дал келип калган. Мындан сырткары Ле Пен шайлоодо атаандашы пайдаланган Жорж Клемансо менен жазуучу Андре Мальонун цитаталарын колдонгон. Ле Пендин “Улуттук фронт” партиясынын өкүлү француз телеканалынын эфиринде Ле Пен Фийондун сөзүн атайын цитата кылып, президенттик шайлоонун биринчи турунда утулуп калган талапкердин жактоочуларына белги бергенин айтты. Шайлоо учурунда “Улуттук фронт” кыйла оңчул партиясынын жетекчилигинен четтеген Марин Ле Пен менен центрист Эммануэль Макрон экинчи турга чыгышты, шайлоо жакынкы жекшемби күнү өтмөкчү.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости