www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тамеки чегүү мутацияга алып келет

АКШ окумуштуулары тамеки чегүү кан тамырларды коргогон генди алсыратып, натыйжада тромбдун пайда болуу коркунучун таап чыгышты. Circulation журналына жарыяланган макалада изилдөөнүн авторлору тромбдор кан тамырларды ийкем кылып, бул жүрөк ооруларына себепчи болорун эскертишкен. Мындай жыйынтык 140 миң кишинин генетикалык материалын изилдегенден келип чыккан. 

Авторлордун бири, Пенсильвания Университетинин доценти Даниш Салехин  генге тийген таасир жүрөктүн ишемикалык оорусуна алып келиши мүмкүн экенин белгилеген бул изилдөөлөр алгачкы кадамдар экенин баса белгиледи. ДДКнын (Денсоолуктун дүйнөлүк коомунун) маалыматы боюнча дүйнө боюнча тамеки чегүү 1,6 млн өлүмгө себеп болуп келет. Былтыр британиялык Сенгер Институту менен АКШдагы Лос-Аламаос улуттук лабораториясынын окумуштуулары бир куту тамеки бир күндө өпкөнүн ар бир клеткасына 150 мутация жаратары, жылына кекиртек менен үн аппаратынын клеткаларына 97 мутация, ооз көңдөйүндө 23 мутация, табарсыкта - 18, боордо – алты мутация жаратары жөнүндө маалыматтарды жарыя кылышты.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости