www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында "КР Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы жактырылды.

Депутаттар өкмөт өкүлдөрүн ата-мекендик ун өндүрүүчүлөрүн колдоого чакыруу менен, Экономика министрлигин жана Мамлекеттик салык кызматын буга өтө тыкыр көзөмөл кылуу керектигин эскертишти. Алсак, Кыргызстандык ун өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында, импорттолгон буудай же унга кошумча нарк салыгын алып салуу тууралуу чечим кабыл алынып салынганы карабастан, күтүлгөн натыйжа өтө төмөн болууда. Депутат Экмат Байбакпаевдин айтымында, атайын мыйзамдык эрежелерге ылайык, кыргыз базарында өлкө ичинен чыккан товарлардын сатылышын көзөмөлдөө керек.

Андан тышкары, комитет мүчөлөрү депутаттар К.Назаров, А.Жапаров, К.Исаев тарабынан демилгеленген "Бюджеттик насыя берүү жөнүндө" мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу үчүн артка кайтарышты.

Булак; "КР ЖК Басма сөз кызматы"

Последние новости