www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда эмне көп деген кадыресе собол берилсе, аткаминер, чиновниктер көп экенин жаземдебей айта алабыз. Баары эле айылдыктар айтмакчы «чоң» болуп иштешет. Демек, аткаминерлер көп болгон соң дагы эмне көп болот? Албетте экс же мурунку, жөнөкөйлөштүрсөк мурда чоң-чоң кызматтарда иштеп, губернатор, аким, депутат, министр, а тургай президент болгон лөктөрүбүз ушу күндөрү эмне менен алек же кимиси жөн эле жатат?
Сапарбаев саясатты бизнеске алмаштырып…
Курч, билимдүү, келечекте Кыргызстандын бирден бир лидер боло турган дарамети бар эле. Балким, улуу муундун интригасына ууланган саясаттан тажагандыр, балким эл ичинде айтылып жүргөндөй мандатын кийинки орунда турган дагы бир акчалууга соодалап жибергендир, кыскасы саясаттан кетти. «Ата Мекен» партиясынан катары менен эки жолку чыкырылышка депутат болгон Жоомарт Сапарбаев тууралуу кеп кылып жатабыз. Жоомарт мырза ар кандай саясый кырдаалда кыйкырып чыга калчу депутаттын бири эле. Мандатын тапшырган соң эл көзүнөн таптакыр оолак кетти. Жакындан билгендердин пикирине таянсак Жоомарт мырза бизнес менен алектенип жатыптыр. Эмне бизнес экенин биле албадык. арйине, акчаны кампайтып алган соң кайра саясатка кайтып келээр. Акчаң жок туруп саясатка аралшуу жайдак атка мингендей экендигин сезсе керек.
Үйүндө жаткан Сариев иштегиси келет…
Эки кулакты делдейтип туруп, «Экстер эмне кылып аттыкен, кимиси кайда болдукен?» – деп элейип калсак эле эске БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариев түшө калбаспы. Акылбек мырза ушу тапта уйкунун атасын таанытып, каалса китеп окуп, жан дүйнөсүн байытып ардактуу эс алууда жамбаштап жатыптыр. Бирок, жөн эле жата бербей «Бийлик бир кызмат берсе иштеп бергенге даяр элем» – деген дымагы да бар экен. Кезинде «иштеп» жүргөндө эле таза шайлоолорго шанаңдап калдык беле деп эстей албай турубуз. ийинде тынч жатпай иш үмүт эткен «карт бөрүлөр» деги жаштарга орун берели, эми биз эс алалы деп айтууга ооздору барбайт окшойт да…
Бишкекти эңсеген Жунушалиев
Ким бирөө кызматынан бийиктегенине кубанса, ким бирөө өкүнөт экен. Маселен, ИИМдин мурунку министри Кашкар Жунушалиев азырынча кызылдай бош. анүстүнө министр болуп келгени ошол креслодо түбөлүк олтурчудай болу, бир топтордун куйругун баскан экен. Анан д а өзгөчө чабал министр катары элдин эсинде калган Кашкар мырза эми кайра бир кызматка барышы оголе кыйын болсо керек. Өзү тар чөйрөдө олтурганда «Министр болбой эле Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгын жетектеп жүрө берсем болмок экен» деген өкүнүч менен алпурушат дешет. Балким, чын эле министр болом деп амбициясын камчылабаганда бул киши ИИМ тармагында бир топко дейре «жем» жеп турмактыр. Айтор, Кашкар мырза ушу тапта министр болуп иштегенине абдан өкүнүп жатыптыр.
Булак: Фабула