www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Монголияда 26-июнга коюлган президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү башталганын Gogo порталы билдирди.  Мыйзам боюнча президенттикке талапкерлигин көрсөтүү шайлоо күнүнө 55 күн калганда башталууга тиийиш, ал эми шайлоого 5 күн калганда токтойт. Президенттик шайлоого өз талапкерлерин көрсөтүүгө укугу бар партиялар менен коалициялар мыйзам менен эрежелерге ылайык өз талапкерлеринин керектүү документтерин Башкы Шайлоо Комиссиясына тапшыруусу керек. Азыркы учурда Монгол элдик партиясынын төрагасы, мурдагы президент Намбарын Энхбаяр өзүнүн талапкерлигин көрсөтө тургандыгын жумалык гезитке билдирди, ошол эле учурда Демократиялык партиядан 6-7 чакты саясатчы шайлоого катышуу ойлору бар экендиги айтылат. Эскерте кетсек, Монголиянын Конституциясында талапкердин жаш курагы боюнча чектөө – 45 жаштан кем болбошу керек. Президентке талапкер Монголиянын жергиликтүү тургуну болуп, Монголиянын территориясында акыркы беш жылда жашап турууга милдеттүү. Монголиянын азыркы президенти Цахиагийн Элбэгдорж 2009-жылы шайланып, Монголиянын төртүнчү президенти болуп калган.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости