www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

GoEuro басылмасы «GlobalHigh-SpeedTrainRanking» рейтингин жарыялады, ал рейтингге Борбордук Азия өлкөлөрүнөн бир гана өлкө – Өзбекстан кирген. Ал жыйырма өлкөнүн ичинен 17-орунду ээлеген. Рейтингди түзгөндө поезддердин рекорддук ылдамдыгы, жумушчу ылдамдыгы, темир жол линиясынын жалпы узундугу, калктын жалпы саны жана 1 км жолго кеткен калктын саны эсепке кирген. Басылманын маалыматы боюнча Өзбекстандагы тез ылдамдыктагы поезддердин рекорддук ылдамдыгы 255 км/саатты түзөт, ал эми ишке ашкан ылдамдыгы – 250 км/саатты түзгөн. Өлкөнүн темир жол инфраструктурасында тез ылдамдыктагы кыймыл 8,21%ды  ээлейт. Белгилей кетчү жагдай, Өзбекстан Норвегия, АКШ, Финляндия сыяктуу өлкөлөрдөн алдыга озуп кеткен, алар болгону 18-20-орундарда. Азыркы дүйнөдө тез ылдамдыктагы темир жол түйүндөрү жаңы көрүнүш, бирок дүйнөнүн 20 өлкөсүндө алар негизги транспорттук түйүндү түзөт.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости