www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Сиз кайра эле көч башына келдиңиз, бийликти кайрадан чоочулатып койбойсузбу? Калп эле кылмыш иши козголуп, камакка алынып калбайсызбы?

-Азыр кимдир бирөөгө же мага кылмыш ишин таап коюшу оңой эле...Эми мен коркуп бүткөн адаммын. Ал тургай камалып деле көргөнмүн. Ал тургай саясаттын сасык оюндарына чыланып, ысык-суугуна күйүп быштым. Мени каматамын дегендер дагы, сындагандар дагы билет. Мен 26 жылдан бери саясатта жүргөндөр бири-бирибиздин алсыз жана күчсүз жагыбызды айттырбай билебиз. Ошондуктан бул бийлик мени эптеп бир жерден авария кылып же өлтүрүп койгонго көбү аракеткылган. Мени ушул убакка чейин Кудай колдоп өлбөй келе жатам. Мага ушул убакка чейин 11 ден ашуун кол салуу болгон. Ок атылды. Бул бийликтен дагы ошол нерсени күтсөк болот, катардагы көрүнүш. Ошондуктан мен көбүрөөк жаштардан суранып атам, “ай жаштар мейли биз камалалы” бирок күч топтоп келечек үчүн  күрөшүш керек. Бир жака чакыруу болот, анан эле баягы эле Бекназаров жүрөт, бул бир нерсе кылганы баштап атат, акча кылганы баштады, байыганы баштады деген ырлар ырдалып баштайт.  Мен дагы 60ка чыктым. Катардагы тийешеси жок ушактардан тойдум. Үй-бүлөөм, бала чакам, жара-жолдошторум баары тажады. Менин жакындарымдын, курсташтарымдын баары куугунтукта жүрөт. Эми жүктү да бирөө көтөрүш керек экен, Сиз айткан суроого жооп бере турган болсом, оор ишке көптөгөн саясатчылардын суранычы менен макул болдум. Экинчи жагынан алганда экинчи революциянын максаттары ишке ашпай калгандыктан мага бул мага чоң өксүк. Бул нерсеге абдан мага өксүк. Себеби, ушул үчүн балдар өлдү беле? Ушул нерсе үчүн революция кылдык беле? – деген суроолор жүрөгүмдү өйкөй турган болуп алды.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости