www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп бийликке келген жүз күнүн “өлкө тарыхындагы эң ийгиликтүү күндөр” деп жар салды. “Бул күн анын президенттигине жүз күн болгон күнү” деп билдирет FoxNews.

“Мен чын жүрөгүмөн ишенип турам, менин администрациямдын алгачкы жүз күнү өлкө тарыхында эң ийгиликтүү болду” деди Трамп Пенсильваниядагы тарапташтары катышкан митингде. Трамп сөзүнүн башында америкалык ММКларды кескин сынга алып, кайрадан аларды “жалганчы” атады. Өз сөзүндө ал миграция, соода, жумуш орундары ж.б. маселелер боюнча да айта кетти. Мексиканын чек арасындагы дубалдын курулушун да унуткан жок. “Бизге бул дубал абдан керек. Силер ушул жерде тургандай, буюрса дубал да туруп калат. Бизге бул дубал абдан керек” деп чогулган элди ишендирди Трамп.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости