www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран парламентинин төрагасы Мохаммад Багер Галибаф АКШ президенти Дональд Трамптын Иранды деңизден блокадага алуу коркутуусун шылдыңдады.
Галибаф X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө мындай кадамдар акыры адамдарды бензиндин баасы 4–5 доллар болгон учурду сагынууга мажбур кыларын айткан.
Ал Трамптын коркутууларын четке кагып, мындай чаралар тескери натыйжа берерин белгиледи.
Галибаф америкалыктарга кайрылып: “Азыркы баалардан ырахат алгыла. Жакында курчоонун шартында бензиндин 4-5 доллар болушун сагынасыңар, - деп жазган.
Анын билдирүүсүнө Ак Үйдүн жанындагы май куюучу жайлардагы бензин баалары көрсөтүлгөн карта да тиркелген.
Дональд Трамп жекшембиде АКШнын деңиз флоту Ормуз кысыгын бөгөп, эл аралык сууларда Иранга төлөм жүргүзгөн ар бир кемени текшере турганын эскерткен.