www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 16-апрелинде саат 09:00дөн 24:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүлө турган аймактар:
Сарбан айылы, Жал айылы, Жогорку Орок айылы, Жогорку Орок конушу, Кашкабаш айылы, 105-контур, ЖЭБ-2 конушу, Достук айылы, Ак-Ордо конушу (Ахунбаев көчөсүнүн түштүгү), Ак-Ордо конушу (Сокулук району, Ахунбаев көчөсүнөн жогору), Ак-Өргө конушу (Өмүр көчөсүнүн түштүгү), Селекция айылы, Сары-Өзөн конушу, Плодовое айылы жана Калтар айылы.
Суу «Баш-Кара-Суу» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында реконструкция иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдарды, тургундарды алдын ала ичүүчү суу камдап алууга чакырат.
Эске салсак, “Менин шаарым” тиркемесин жүктөп алып, пландуу жана авариялык суу өчүрүүлөр тууралуу билдирмелерди алып турсаңыз болот.