www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун инаугурациясы шайлоонун расмий жыйынтыгы чыккандан кийин өтөт. Мындай маалыматты президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирди.

Анын айтуусунда, айрым маалымат каражаттарына Жапаровдун инаугурациясы шашылыш өткөрүлөрү тууралуу жазылган кабарлар чындыкка дал келбейт:

--"Бул туура эмес маалымат. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгаргандан кийин гана инаугурацияга даярдык көрүлө баштайт", - деди Галина Байтерек.

Маалымат катчысынын айтуусунда, инаугурация өткөрүү үчүн атайын уюштуруу тобу иштейт, азырынча топ да түзүлө элек.

Айрым маалымат каражаттары президенттик шайлоодо арбын добуш алган талапкер Садыр Жапаровдун инаугурациясын мөөнөтүнөн мурда өткөрүү каралып жатканын жазып чыгышкан.

Кыргызстанда 10-январда 17 талапкер катышкан президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, Садыр Жапаров 79% ашуун добуш алды.

 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости