www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева тергөөчүнүн сурагына барбай, ар кайсы шылтоо менен амалданып атканы эмнени билдирет? Кызмат абалынан пайдаланып, кылмыш ишинен качуубу? УКМК болсо Калиеванын тергөөнү тоготпой атканын расмий жарыя кылды. Аягы кандай бүтчүдөй?» деген суроону жарандык активист Урмат Акуновго узаттык.

«Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата УКМК кылмыш иши козгогонун, ал болсо тергөө сурагына келбей, ар кайсы шылтоолорду айтып, «мага кагаз келген жок» деп бир жерде айтып, дагы бир жерде «мен больничныйдамын. Эмне сурак, кайда, ким кылмыш ишин козгоптур?» дегени, биринчиден, бул соттун өзүм билемдиги, «колуңардан эмне келет?» дегендей моюн толгоосу, тоготпоосу.

Ал эми экинчиси, шайлоо бүткөнгө чейин бул маселени чоюп туруусу, ар кыл шылтоолорду айтып, жоокалатуу оюндары ортодон чыгып туруусу дегендей эле кеп. А чын-чынында президенттик шайлоо бүтөөрү менен бул шоу токтоп калат.

Сотторго карата мындай маселелер көтөрүлбөйт. Ушул күндөрү соодалашуу жүрүп жатканын чала-бучук угуп калган жайым бар. Мүмкүн андай эместир... Убакыт бар, жакында баары ачыкка чыгат», - дейт ал.

Булак: «Азия News» гезити

Последние новости