www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун жаӊы түрү Кыргызстанга да келет», - дейт Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-январда «Биринчи радионун» эфиринде айтты.

Анын айтымында, коронавирустун бул түрү жаштар арасында көп катталып, оор өтөт.

«Азыр коронавирустун жаңы түрү 41 өлкөдө катталды, анын ичинде Орусия да бар. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы, вирустун жаӊы түрү бизге да келет.  

Вирустун мурдагы формасы жаштарда жана балдарда жеңил өткөн болсо, жаӊы түрү агрессивдүү мүнөзгө ээ болуп, балдарда жана жаштарда көбүрөөк кездешет. Бул түрдөн каза болгондордун саны мурдагыга караганда 2,5 эсеге көп болушу мүмүкүн», - деди Бейшеналиев.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости