www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын президенти Садыр Жапаровду куттуктады

Ирандын президенти Хасан Рухани Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады, - деп билдирет Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматы.

--"Сиздин президенттигиңиздин мезгилинде өлкөңүздө өнүгүү жана коомдун бакубатчылык баскычтары тездейт деп ишенем. Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын негизинде Иран Ислам Республикасы менен Кыргыз Республикасы экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, эки тараптуу мамилелерин мындан ары дагы өнүктүрөт" - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ал Садыр Жапаровго ден соолук жана ийгилик, ал эми Кыргызстан элине бакубатчылык жана өсүп-өнүгүү каалады.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости