www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алексей Навальный Орусияга кайтууну чечти

Орусиялык оппозиционер, Коррупция менен күрөшүү фондунун жетекчиси Алексей Навальный Орусияга кайтып барат. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

Анын айтымында, ал 17-январга Москвага билет алган.

Ошондой эле, Германияга ага кол салуу болгондугу үчүн эс-учун жоготкон абалда жеткирилип, мекенине кайтуу же кайтпоо суроосу эч качан жаралбаганын билдирди.

Белгилей кетсек, Навальный 2020-жылдын август айында Томск-Москва учагында бараткан жеринен өзүн жаман сезип, Омск шаарында ооруканага жеткирилип, ошол жактан Берлиндеги клиникага которулган. Бир нече лаборатория ал Орусияда жасалган «Новичок» химялык курал тобуна кирген зат менен ууландырылганын аныкташкан.

Ал эми Орус бийлиги саясатчыга кол салуу фактысын көз жаздымда калтырып, тергөө жүргүзүлгөн жок. Эл аралык иликтөөчү журналисттердин тобу ал ишке орус атайын кызматынын тиешеси болушу мүмкүн экенин аныктаган. Кремль окуяга байланышын танууда.

Эске салсак, саясатчыга Орусияда бир нече кылмыш иши козголгон.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости