www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: Кримтөбөл «Алтуха» кармалды

Бишкекте бүгүн, 13-январда кримчөйрөдө «Алтуха» каймана ат менен таанымал Алтынбек Ибраимов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун (УКТ) ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Алтынбек Ибраимов аттуу УКТнын активдүү мүчөсүн кармады.

Ал Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алтынбек Ибраимовго карата кылмыш иштерине тиешеси барлыгы боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости