www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын энергетика фирмасы Газпромдун башкаруу кеңешинин төрага орун басары Андрей Круглов жаратылыш газ соодасынын улуттук акча бирдиги менен жасалышына  аракет кылышкандарын билдирди. Круглов Белорусиянын борбор шаары Минскте журналисттерге берген маалыматта Орусия өкмөтүнүн жаратылыш газ соодасынын улуттук акча бирдиги менен жасалышын колдогондугун белгиледи.

Өзгөчө Кытай менен жаратылыш газ соодасынын рубль жана юан менен ишке ашырышарын айткан Круглов : «Бул тармакта иштерибизди аткаруудабыз. Өкмөттүн да колдоосу бар»,- деди.

АКШ менен көп санда батыштык өлкө ишке ашырган санкциялардан улам орус жетекчилер экономикада доллар колдонууну азайтууга аракет кылышууда.

Экономикалык өнүгүү министри Максим Орешкин да андан мурда берген маалыматында финансы министрлиги жана Борбордук банктын экономиканын «долларсыздаштырылышы» үчүн түрдүү кадамдарды таштай тургандыгын белгилеген.

Орусиянын Борбордук банкы тарабынан жарыяланган отчетто 2018 -  жылдын экинчи чейрегинде банктын 100 миллиард долларлык резервин юан жана еврого айландыргандыгы белгиленген.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости