www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жигит жоголдубу же жоготуштубу?

Бакай-Ата районундагы Шыралжын алтын кенинде (Global Shiraljin Mining) вахгалык ыкмада иштеп жүргөн 34 жаштагы Рамис Тотонов 31-январда иштен келип, жеңил кийинип сыртка чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жатат. Ошондон берки издөө иштери эч натыйжа бере элек. Обласnык ИИБнын башчысы А. Жумабековдун Оро, 1-Май жана Кыргызсnан деген 3 айылдын элинин алдында айткан сөзүнө караганда, Бакай-Ата райондук ИИБнын 130 кызматкери күчөтүлгөн режимде издөө иштерин жүргүзүп жатат имиш.

Аларга 3 айылдын эли, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, өрткө каршы бөлүмдүн кызматкерлери да жардам беришкен, бирок Рамис табыла элек. Рамис Тотоновдун иниси Адилет Сагынбек уулунун пикиринде, издөө иштери илең-салаң жүрүп жатат. Ачууланган эл Рамис табылмайынча кендин ишин токтотуп, издөөнү күчөтүүнү да талал кылышты. Эл менен жолугушууга келген областтык бийликтин өкүлү Марат Мураталиев, кендин мүдүрү Виктор Межеловский ишти токтотууга болбосун билдиришти.

Бийлик үчүн Кыргызстандын жараны, 2 баланын атасы Рамистин өмүрүнөн алтын казуу артык экени билинип калды. Дээрлик 3 айга чукул убакыттан бери тоо-таштан табылбаган Рамис жоголдубу же киши колдуу кылып жоготуштубу - оперативдик иликтөө ушуга да жооп таба элек. Бир гана божомол калды - Рамисти башка планетадан келгендер алып кетиши ыктымал.

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости