www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийлик жомок айтканды токтотсо...

Талас обдасты 2018-жылы Кыргызстандын өнөр жайынын жалпы көлөмүнүн өсүшүнө 0,5 пайыз гана салым кошуптур, б.а. 1 млрд 348.3 млн сомдук продукция чыгарган. Ал эми айыл чарба продукцияң болсо 17 мярд 348.4 млн сомго өңдүрүлүптүр. Мал чарбанын өсүү темпи 100,1 пайыз экен. Курулуштун көлөмү 2 млрд 349Д сом болуптур да, 2017-жылга салыштырганда 4,6 пайызга аз бояуп калыптыр. Бир жыл ичинде 1 млн доллар чет элдик инвестиция тартылышыр, мунун көлөмү 2017-жылга карата 1,6 эсе өсүптүр. Өткөн жылы 45,4 миң чарчы метр турак жай салынып, ага көчүп кирген таластыктар жырга-аап-кууна-аап жашап калышыптыр...

Бул эң кичинекей Талас областы жөнүндө айтылган жомок. Мындай жомок башка 6 облатгь, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча да бар.Кыргыззстан боюнча ушуңдай жомоктор илгертен эле бар. Аны статкомитет деген айтат. Буга ким ишенет? 2009-жылы күзүндө Бакиев бийлигинин Таластагы асмандан түшкөн зам губернатору Касым Чаргынов да Талас шаарынын стадионунда чогулган элдин кулагына ушундай таризде жомок айтып баштаганда, "жашоо-турмушун эл өзү оңоп жатат, ага силердин кандай тиешеңер бар" деп трибунадан кууп түшүшкөн, Жазында 6-апрелде Б.Болотбеков деген "парашютчу" губернатор Курултай өткөрүүгө уруксат сурап келген элди теңсинбей койгондо, эл тактан шыпырып түшүп, эртеси 7-апрелде Бишкектеги бийлик кулаган.

Статкомитет, ага кошулуп министрликтер жогоркудай жомок айтканды токтотпойт. Баткенде 10 жыл мурда чечилди деген чек ара чыры дүрт деп барып басылды. Эл Жеңиш Раззаков менен Баткендин губернатору Абиш Халмурзаевди нааразы болуп тосуп альшпы. Жаз, апрель келип калды. КСДП оппозицияга өттү. Эми бул жагы кандай болоор экен?

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости