www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Анын бул кадамын жактыргандар да, жактырбагандар да бар. Бул боюнча Аскаттын ѳз оюн билип, башка жаңылыктары менен да таанышыңыз.

Аскат мырза, чыгармачылыктан алыстап кеткен маалда эмне менен алек болуп жүрдүңүз?

Буга чейин жеке жашоо менен эле алышып жүрдүм. Турмушту эрте баштайсыңбы, кеч баштайсыңбы, баары бир биринчи тепкичтен баштап басуу керек экен. Мен 33 жашымда турмуш курдум. Үй-бүлөнү камсыздоону бир калыпка салууга бир топ убакыт керек экен. Бул убакыт аралыгында окуучуларга гимнастикадан сабак өтүп иштеп жүрдүм. Анча-мынча клиптерге тартылып коюп жаттым. Өзүм чыгармачылыктан алыс болгонум менен жан дүйнөмдө чыгармачылык ишим улана берди.

Анан чыгармачылыкка кандай идеяларды бышырып келдиңиз?

Мурда “Кайра жаралуу” деген тасма тартып өзүмдү режиссёр катары сынап көргөм. Азыр бир сценарийдин үстүндө сценаристтер менен иштеп жатам. Бул “Министрдин кызынан махабаты он жылдан кийин” деп аталат. Башкы каармандарга бул кинодо мурда образ жараткан актёрлорду эле тартайын деп жатам. Алар баш тартышса, айла жок башка актёрлорду алууга туура келет. Бул идея эки жыл мурун пайда болгон. Былтыр сценарий купулума толбой тартуу иштери токтоп калган.

Сизди тасма жаатында кѳрүү элге чоң жаңылык эмес, ырдап чыкканыңыз тууралуу кеп кылып бериңизчи?

Актёрлук билим алган соң “актёр” дегенде көз алдыма универсал адам элестеп калды. Ал ырды да, башканы да илип кетиши керек. Актёрлук кесипте окууда төрт жыл вокалдан сабак алып, кадимки ырчылардай жандуу ырдап берип экзамен тапшырчубуз. Менин угуу жөндөмүм жакшы өѳрчүгөн. Мугалимдерим муну баса белгилеп айтышчу. Окуучу кезде аспапта кол ойноткон адамдын колун карап отуруп эле үйрөнүп алчумун. Ушинтип комуз, гитара, аккордеонду өз алдымча өздөштүргөм. “Алиппе” майрамдан баштап эле ырдап жүрөм. Кийин кесиптештердин арасында, кечелерде ырдап жүрдүм.

Спортко кызыгууңузду ким ойготкон?

Байкелерим спорттун ар кандай түрлөрү менен машыгышчу. Эс тарткандан баштап алар мени балдар менен мушташтыра башташты. Аларга таянып алым жетпегенге деле “чыгам” дей берчүмүн. Балдардан келтек жеп калганда арданып, машыга баштагам. Тасмалардагы трюктарды кайталап жасап атып эле кызыгып кеткем. Азыр бокс боюнча кандидаттыкка жеттим. Кытайдын “тай цзи” спорттук түрү менен азыр да машыгып келем. Учурда спорттун бул түрү боюнча машыктыруучу болуп иштеп жатам.

Кандай тарбияда чоңойгонсуз?

Карапайым эле үй-бүлөдө өскөм. Ата-энем жөнөкөй адамдар. Азыр пенсиялык эс алууда. Барчылыкты да, жокчулукту да көрдүм. Сегиз бир туугандын алтынчысымын. Айылда баланы минтип тарбиялайын дебейт экен, улууларды көрүп өзүбүз эле тарбиялана берчүбүз. Алардын “андай кылба, жаман болот” деген бир сөзү эле мээбизге кыттай уючу.

Азыркы балдар дароо себебин сурап, анализ жүргүзүп жиберишет. Атамдын “чоң атаңардын көзүнчө шоктонбогула” дегени бизге мыйзам болуп калган. Чоң атам эшиктин алдына күнгө кактанып отурганда ызы-чуу болуп ойночу эмеспиз. Жада калса кышында карды чоң атам үйгө киргенден кийин күрѳчүбүз.

Бир кезде кыздардын жүрѳк оорусу болгон жигиттин жубайы баарын кызыктырса керек. Ѳмүрлѳшүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

Жубайымды бир кѳрүп жактыргам. Дароо телефон номерин алып, эртеси эле жолугушууга чакыргам. Бир жылдай кыз-жигит мамилесинде жүрүп чакан той менен баш кошконбуз. Ал абдан токтоо мүнөз жан. Дайыма байкаганым ар кандай абалдарда мага айтпай туруп биринчи өзү анализ жүргүзүп көрөт. Эмоциясын сыртка чыгарбаган абдан сабырдуу айым. Жасалма эмес, абдан жөнөкөй. Ата-эне, бир туугандарыма мен кандай мамиле кылсам, ал да ошондой сый көрсөтөт. Бир жарым жаштагы Азалия аттуу кызыбыз бар, буюрса экинчи наристебизди күтүп жатабыз.

Бирок сахнага ырдап чыгуу оюм болбоптур. Бир күнү “эмнеге мен ырдасам болбосун” деген ой келди да быйыл чыгармачылыкка билек түрө кириштим. Бирок музыка жаатында билим алууну ойлонгон деле жокмун. Ошондой болсо да ырчылык хоббим эле эмес, чыгармачылыгым, жан дүйнөм. Мага ырчылык талант атамдан өткөн окшойт. Кичинемде комуз менен ырдап калчу, эмнегедир кийин токтотуп койду.

Биринчи ырыңыз Бек Борбиевдин “Эки така” деген тамашалуу ыры экен. Мындан кийин да ушундай стилде ырдайсызбы?

Эгер биротоло ырчылыкты тандасам, бир стилди карманганым туура болмок. Актёр болгондуктан каалаган жанрга кирип кете алам. Ѳзүмѳ да ушул жагат.

Тасмага тартылууга сунуштар болуп жатабы?

Алгачкы тасмадан кийин үч тасмада роль жараттым. Анын экөө чыкпай калды окшойт. Үч тасмадан баш тарткам. Чынында анчалык деле кѳп сунуш болгон эмес. Бир чети өзүм да көп кызыкпай, актёрлуктун акчасынын аздыгынан башка жумуштар менен алек болуп кеттим.

“Министрдин кызынын махабаты” тасмасын азыр кѳрүп кандай ойдо болосуз?

Анда актёрлук билимим жок эле. Ошондуктан эмнени туура эмес кылып жатканымды билген эмесмин. Элдин кабыл алуусунан улам “жакшы эле ойногон окшойм” деп ойлочумун. Кѳрсѳ, андай эмес экен. Ал мезгилде кыргыз кинолору жок болгонго гана эл кыргызча тасманы кызыгуу менен кабыл алышыптыр.

Билим алгандан кийин тасмада актёрлук да, режиссёрлук да чеберчилик болбогонун, болгону тасманын идеясы жакшы экендигин билдим. Анан каталарым да калдайып эле көрүнүп калды. Азыр ойносом башкача аткармакмын деп калам. Тасманын көп жери спортко байланыштуу болгону үчүн гана тартылгам жана аткаруу кызыктуу болгон.

Кыялыңыздагы кесип ким болуу эле?

Бала кезимде доктур болгум келчү. Бирок ага үйдөгүлөр каршы болуп окутпай коюшкан. 2001-жылы экономист, эсепчи өңдүү кесиптер “хит” болуп жаткан эле. Ошондуктан “окубайм” дегениме карабай ОшМУнун экономика жана менеджмент факультетине окууга киргизишкен. Беш жыл окудум, бирок кызыгуу болбогон соң иштеген жокмун.

Булак: "Леди кж"

Последние новости