www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында эле 8-мартта болуп өткөн гейлердин жүрүшүндө алдыңкы тизмеде сөз сүйлөгөн Равшан Жээнбеков, Камчыбек Ташиевдин “Баткенге кеттим” деген билдирүүсүнөн кийин  өзүнүн пикирин социалдык тармактан билдирди.

--Мен үчүн Камчынын Баткенге кеткени көп деле маанилүү эмес. Себеби, чек ара маселеси, бул бир гана мамлекет жана мамлекеттик институттар, дипломатия аркылуу чечиле турган маселе.

Ал эми Камчынын, “бул бийликтин колунан иш келбейт” дегени аябагандай маанилүү. Бул билдирүү анын мурда айтылбай келген позициясынын ачыкка чыгышы, саясат жана оппозициялык маанай.

Саясатчылар, ачык, конструктивдүү оппозициялык маанайды карманса, өлкө үчүн жакшы көрүнүш, - деп пикир калтырган Равшан Жээнбеков.

Бул пикир менен Равшан мырза, “Баткен бизге маанилүү эмес, Камчынын “бул бийликтин колунан иш келбейт” деген сөзүн жактыра түшкөнбү айтор, патриоттук сөзүн жазбай Ташиевди “кытыгылап” көргөн.

Эскерте кетсек, Равшан Жээнбековдун постуна Камчыбек Ташиевдин кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалга аттанганы себеп болгон. Камчыбек Ташиев: «Кээ бирөөлөр айтышы мүмкүн «пиар» деп, бирок мен эч качан пиар менен жашаган эмесмин. Мен үчүн Кыргызстанымдын ар бир метр жери ыйык жана маанилүү. Мен Баткенге жөнөп жатам, бийлик мурдагыларга окшоп эле эч нерсе чече албайт. Жер, эл бизге керек, менин, сенин урпактарыңа керек! Ата-бабалардын жерине кол тийгизбейбиз!!!», - деп жазган.

Белгилей кетсек, 13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыгып, кыргыз-тажик жарандары бири-бирине таш ыргыткан, жаңжалдын кесепетинен тажик жараны каза тапкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости