www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атаганат, экинчи жолку бийлик алмашуунун курмандыгы болгондордун ичинде кылкылдап генералдар жүргөнүн кана кимиңер калпка чыгара аласыңар? Таласка барып тополоңчулардын эсебин табам деген Молдомуса Конгантиевдин не деген кордукту көргөнүн унута элекпиз да, туурабы? Аны кандай гана мыкаачылык менен сабашты дейсиң? Антип фашисттердин генералын кордогон эмес.
Камалгандардын ичинен бир гана Бактыбек Калыев оорусуна байланыштуу түрмөдөн эрте бошотулду. Анын үстүнө ал колго түшкөнгө чейин Курманбек Бакиевди жандап жүрдү бир кадамга артка кетпей. Ал эми Элмырза Сатыбалдиев менен Нурлан Турсункулов болсо кыйла өмүрүн камакта отуруп өткөрүп, акыры боштондукка чыгышты.
Кезинде заңкайып алыстан байкалган, каруусунда күчү, колунда бийлиги, ийнинде генералдык чини болгон Мурат Суталиновдун азыркы турушуна ким болсо да боор ооруйт. Кайран жигит, мекен үчүн кызмат чегинде болууну эңсеп жүрүп, тагдыры коогалаңдуу окуяга туш келип, эми минтип тишинин кирин соруп камакта жатат.
Болгондо да жаман ооруунун азабына кабылып, ууланган кишидей болуп арыктап, тозуп турган чагы. Минтип эки көзүн чекчейтип, белин бөкчөйтүп, ээги ылдый түшүп, арманы эч кимге угулбай каларын үч уктаса түшүндө көрбөсө керек? Катаал тагдыр башка келсе сенин генерал экениңе карабайт турбайбы? Анын азыркы абалында коомго эч кандай коркунуч жаралбасы түшүнүктүү.
Бирок, сот акелердин кайдыгерлигинен акыркы үмүтүөчүп турат Суталиновдун. Жок дегенде калган жашоосун эркиндикте өткөрсө болбойбу деген аянычтуу каттарга ким көңүл бөлүшү кажет? Катуу жазага тартылгандар деле оорубай, сыркабай эле камактан чыгарылып жатпайбы.
Мураттын колунда болсо доктурлар берген кагазы бар айыкпас оорусу аныкталды деген. Албетте, бул чечимди президент гана жасай аларында шек жок. Башка күчтөрдүн алы жетпейт. Ушул ирет балким кенендик кылып койор Шарипович деген күдөр менен бул өкүнүчтүү баяныбызга чекит коелу. Балким, жылуу кабар угуп калаттырбыз…
Булак: "Ачык сөз"