www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбуктан чагымчылдык чакыруу тараткан Тилек Таалайбековдун маалыматы туура эмес экендигин Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Аскат Алиев билдирди.

12-мартта Фейсбук колдонуучу Тилек Таалайбеков аттуу жаран, өз баракчасында түз эфирден, "Москва шаарында кыргыз кызды 15-20 тажик, өзбек улутундагы балдар 10 күндөн ашык убакта камап алышып, күнү-түнү зордукташыптыр" деген үрөйдү учурган такталбаган маалыматты жарыя кылды. Ал өз сөзүндө "зордуктоо фактысы боюнча 16 кылмышкер Москва полициясы тарабынан, 3 айга камака алынды" деп билдирген. Бул билдирүү боюнча, социалдык тармакта кызуу талкуу жарап, азыркы убака чейин түшүнбөстүктөр болууда. Акыркы такталган маалыматтар боюнча Москва шаарында жана Москва областында полицияда жогорудагы айтылган  факты катталган эмес. Москва полициясы жана КРнын РФгы ИИМдин өкүлчүлүгү, тарабынан Фейсбук колдонуучу Тилек Таалайбеков аттуу жарандын билдирүүсү боюнча дыкат териштирүү уланып жатат жана кимде ушул факты боюнча маалымат же жабыркагандар болсо бизге билдирүүңүздөрдү суранабыз. Ал эми видео билдирүү боюнча Россиянын тиешелүү органдары тараптан  юридикалык баа берилет.  Урматтуу Россиядагы мекендештер, ушундай толук такталбаган улуттар аралык кастыкты козуткан маалыматтарын таратуудан алыс болуңуздар.  Улуттар аралык кастыкты козутуу белгилерин камтыган материалдарды даярдоо жана жайылтуу менен алектенген жарандар Кылмыш-жаза кодексинин беренесине (рассалык, этникалык, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертебиз. (Статья 282 УК РФ. Возбуждение ненависти либо вражды, а равно унижение человеческого достоинства). Незнание закона не освобождает от ответственности, даже если это закон другого государства ... Сиздерди урматоо менен А.Алиев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости