www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттө кадрлардын резерви түзүлбөгөндүктөн район акимдерин дайындоодо башаламандыктар байкалып жатат. Эгерде тытыктуу делген кадрлар илгеркидей кагазда тизилип турганда минтип өкмөттүн абийири ачылмак эмес. Ал тургай өткөндө аким тандоо боюнча парламентте да көзгө сайып айтылганы бекер жерден чыкпагандыр?

Көрсө Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда акимдин креслосу үчүн күрөш катуу жүрүп, ортодо келишпестиктер пайда болуп кетиптир. Чамасы кландык талаш-тартыштардан башы ооруган өкмөттөгүлөр не кыларын билбей, кайсынысына басым жасаарына мээси каңгыгандай түр байкалды. Биринчи орун басар катары кызматта жүргөн Кубатбек Боронов болсо уруулук тирештер болгонун моюндап алды. — ​Чындыгы ушундай болуп жатса айтпаганда кантебиз, — ​деп ийин куушурду. Бул эми айла кеткендеги “марш” экенин билип, туйбадыкпы? Баса, аким болуп Аксы районуна Ыманберди Досбаев келди.

Акыйкатына келсек кеп мындай. Акыркы жылдарда кадрларды тандоого, аларды ишке жайгаштырууга милдеттүү болгон өкмөт чабалдыгын айгинелеп, коомчулукта дараметинин алсыздыгын сездирип койду. Ошондон улам таасирдүү топтор өзүнүн күчүн көрсөтүүүчүн ар кандай амалдарды колдонуп жетекчиликке өз кишисин койдурууга өттү. Ушундай кесепеттин бардыгынан кадр тандоодо алешемдиктер өкүм сүрүүдө. Эгерде өкмөт “суук тумшугун” малгандарды каңк эттире кулак түпкө урганды билгенде мындай фокустар тамырлап кетмек эмес.

Анан кайдан реформаны алгалатып, адамдардын жан дүйнөсүн тазартууга шарт түзмөк элек? Негизи кадрларды учурда шайлоого карата тандоо жүрүп жаткандай көз караш орнойт. Минтип отурсак эч убакта райондордун маселесин чече албайбыз. Анткени бечел, борборду эле жалтактап караган акимдерден оңдуу майнап чыкпайт. Мурдагыдай эле чоңдорду тосмой, кайра узатмай иштерин жасоодон бөлөк маанилүү маселеге тиши өтпөй калат.

Демек, оболу өкмөттүн өзүндө ири бурулуштарды жасоого убакыт келди. Ансыз ишти илгерилетүүгө жол ачылбайт. Минтип айтканыбыздын жөнү бар. Себеби, өкмөт таш бака жүрүшү аркылуу туңгуюкка кептелип, андан чыгуунун реалдуу жолун кайсалактап таппай жатат.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости