www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш күнүнө арналган парадда Кыргызстандын өзүнүн майрамдык тасмасын тагынды.

9-майдагы иш чарага катышкан президенттердин ичинен бир гана Орусиянын башчысы Владимир Путин майрамдын символу катары саналган георгиев лентасы менен болду.

Бул жылы Эмомали Рахмон дагы сызманы көкүрөгүнө чаптаган жок. Касым-Жоомарт Токаев, Никол Пашинян эч нерсе тагышкан эмес. Ал эми Лукащенко Белоруссиянын туусуна түспөлдөш тасма менен катышты.

 

Өткөн жылкы Москвадагы парадка Шавкат Мирзиеев Өзбекстандын туусунун түсүнө окшош сызма менен келген.

 

Белгилей кетсек, КМШнын бир катары өлкөлөрү георгиев лентасын 9-майды символу катары көрсөтүүгө каршы болуп келет. Аны Кыргызстанда Үркүн жылдары менен байланыштырып, 2015-жылдан тарта кызыл-сары өңдүү тасманы колдоно баштаган. Бирок ага карабай өлкөдөгү айрым жетекчилер жана саясатчылар 9-майга карата иш чараларда туура эмес лентаны колдонгон учурлар кездешет.

 

Быйыл Жеңиш күнүнө арналган Бишкектеги иш чарада Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбаев жана мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов эч кандай майрамдык атрибут тагынышкан жок.

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов кызыл-сары сызманы колдонду.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости