www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германия канцлери Олаф Шольц Россиянын президенти Владимир Путин менен акыркы телефондук сүйлөшүүсүндө Украина боюнча эл алдында айткан сөздөрүнөн башка өзгөчөлөнгөн маалымат деле айткан эмес. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 2024-жылы Россиянын дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн басма сөз жыйынында айтканын ТАСС жазып чыкты.
2022-жылдан бери Путиндин европалык өлкөлөрдүн лидерлери менен болгон байланыштары тууралуу сөздү улантсак:
— "Мен үмүттөнөм, президент мага катуу айтпайт. Мен эч кандай сыр ачып жаткан жокмун. Болгону, Шольц Путин менен болгон сүйлөшүүдө ар күнү эл алдында айтып жүргөн сөздөрүн кайталады: Силер чыгып кетишиңер керек. Орус тили, орустардын укуктары, же кандайдыр бир баштапкы себептер жөнүндө эч нерсе айткан жок," - деп белгиледи министр.
15-ноябрда Шольц Путинге телефон чалды. Ага чейин эки лидер 2022-жылдын 2-декабрында сүйлөшкөн. Кремлдин маалыматына ылайык, ноябрь айындагы сүйлөшүүдө Украина, Жакынкы Чыгыш, Россия менен Германиянын эки тараптуу мамилелери тууралуу сөз болгон. Президент жана канцлер өз жардамчылары байланышта болууга макулдашкан.