www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иш-чаралардын жыйынтыгында Чүй облусунун Сокулук айылында жайгашкан сметалык баасы 331 млн 391 миң сомдук дан тегирмени, 2,4 га жер аянты менен мамлекетке кайтарылды. 

Эскертүү: Дан тегирмени– фермердик жана үй-бүлөлүк чарбалар, элеваторлор, айыл чарба ишканалары жана тамак-аш өнөр жайынын ишканалары үчүн дан өсүмдүктөрүн тазалоо, кургатуу, ташуу жана сактоого багытталган  оруп-жыйноодон кийин иштетүү үчүн механикалаштырылган машиналардын, жабдуулардын жана курулмалардын комплекси бар аянтча болуп саналат.

Белгилүү болгондой, «Колос» дыйкан чарбасынын төрагасы Ш.А.Ф. 2023-жылдын 22-ноябрында 13 дыйкан чарбанын кызыкчылыгына каршы 2,4 гектар болгон дан тегирменин өзүнүн наамына мыйзамсыз түрдө каттатып алган.

Учурда КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өндүрүштүк жана социалдык объектилерди мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда.

Последние новости