www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай, Индия, Түркия жана Бразилиянын позициясынан улам Батыштын Орусияга карата санкциялары ойлогондой зыян келтирген жок. Бул тууралуу РИА Новости Süddeutsche Zeitung гезитине таянып кабарлады.

Маалым болгондой, бул мамлекеттер Москвага карата чектөө чараларын колдоодон карманып коюшту.

"Кытай, Индия, Бразилия жана Түркия өңдүү өлкөлөр Батыштын санкцияларына же такыр эле кошулган жок, же муну жарым-жартылай гана жасашты", — деп жазылат маалыматта.

Макаланын авторлору Орусиянын экономикасы санкциялык кысымдарга карабай туруктуу экенин белгилеген.

"Күтүп жаткан финансы каатчылыгы болгон жок. Ички дүң продукция (ИДП)  өтө төмөндөгөн жок. Валютасы да бат эле калыбына келди", — деп жазган Süddeutsche Zeitung.

Басылманын божомолу боюнча, мындай жыйынтык Борбордук банктын негизги коюмдарды 14 пайызга чейин төмөндөтүп, газга төлөмдү рубль менен кабыл алуу чечиминен улам болгон.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости