www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бейшеналиевдер бийликтин «бейиши» болдубу же «тозогу» болдубу ким билет. Бир Бейшеналиев медицинанын канын соруп бүттү эле, экинчи Бейшеналиев министр болоор менен 12 жылдык окууга өтөм деп, мектептердин ал-ахыбалын билбей туруп эле адыраңдай баштады. Азыр кылымга таяп турган мектептерде окуучулар окудук деп отурганы менен, качан үстү түшүп калат деп мугалимдер сарсанаа. Биринчиден он бир жыл окуган мектептерди иретке келтирип алсак болмок. Балким ушул темп менен кетип отурсак эртең он үч жылдык, андан кийин он төрт жылдык болуп мектеп эле тагдырды чечип калабы, андан кийин мурун 9 жогорку окуу жайы болсо, эми сексенден ашык окуу жайын бүтүргөндөр «текей терип» жүрүшпөйбү?

«Бала болуп, башыбызга жүн чыкканы» мектептерде мамлекеттик экзамен 11-июнда башталмай болду. Быйыл түшүнөн чоочугансып башкалар бүт 1-сентябрда окууну баштаса , биздин министр 15 күн «башымды жазып алайын» - деп 15-сентябрда окуу жылын баштаган. Канчалаган миллиондогон 1-сентябрды күтүп жаткандардын убалына калды. Эгер 15-сентябрда окууну баштаса 16-июнда экзаменди баштамак. Бул жерде да министр сөрөй 5 күндү «ап» этип жеп коюп жатат. Бул реформа эмес, бул элди алдагандык, Курманбек Бакиев президент болгондо мектептерге жаш мугалимдер барбай жатат деп, 1 миллион сомдон жаш мугалимдерге колдоо көрсөтүп элеттеги мектептерге жөнөтө баштаган. Миллиондор кийин кимдин капчыгына куюлганын ким билет? Билим берүү министри апрелде элдин айлыгын көтөрдүм деп дардалактаса элдин бары сүйүнгөн. Бул нерсе жарыбаган нерсе болуп калды. Биринчиден, мугалимдерди сабагына жараша бөлдү. Министрге жакын адамдар көпчүлүктү түзгөн кээ бир предметтерден берген адамдар айлыгы көтөрүлгөнү менен, кээ бир предметтерге көтөрүлгөн айлык бере коюшуп, эми кайра кийинки айлыктан көп акча берип ийипбиз деп кармамак болушуптур.

Сингапур, Финляндия, Грузия, Казакстан,АКШ сыяктуу дүйнөнүн 136 мамлекети  12 жылдык окуу программасы менен окушары бышык. Апрель айында Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык окуу программасы тууралуу маалымдап, ага быйыл сентябрда өтүү ыктымалдыгы айтылган. Эми болсо Билим берүү тармагында Кыргызстан 12 жылдык билим берүү программасына 2024-2025-жылкы окуу жылында өтүшү мүмкүн деген имишке келишти. Региондордо мектептер эски, Бишкекте убадаланган 15 мектеп курулуп калса, маселе чечилетри мүмкүн. Бирок Бишкекке эле кура бербей аймактарды да көтөрө турган убак эбакта бышып жетилген. Бейшеналиевдин жол картасы бар, анда мектептеги орундардын, окуу программаларынын, окуу куралдарынын даярдалышы камтылган. Ошонун баары даяр болгондон кийин өтөрү бышык. Жол карта боюнча 2022-2023-жылы өтө алышпайт. Бейиши болсун Бейшеналынын да, 12 жылдыктын да...

Кыргыз ССР мезгилинен бери мектептерде эмне өзгөрдү, мектеп программасы дээрлик советтик программа боюнча, ал кезде райкомдор мектеп директорун көздөшсө, эми акимдер көздөйт. Министр Бейшеналиевдин бейшеби агабы же «граф» директорлорду ротация кылам дегендери талаага кетти. Эми мектеп директорлорун акимдер дайындап жатат, мындай кадам билим берүү системасына өтө чоң коркунуч жаратат. Акимдердин билим берүү системасына кийлигишүүсүн парламент туура эмес деп сындады. Азыр мектеп директорлору, Райондук билим берүү башкармалыгы акимдерге карап калды. Директорду аким дайындап жатат. Акимдин чарбачылык жана аймакты өнүктүрүү менен алектенүүдө жумушу жетиштүү деп ойлойм. Мугалимдер билим берүүчү эмес, отчет берүүчү болуп калбайбы, коробка ташыгычка айланып калбайбы деген солдойгон собол жаралат. Билим берүүнү акимдерге эмнеге берип жатабыз? Эгер мындай болсо, эртеңки келечектен үмүт үзүш керектигин депутат «самый ходжа»  Самыйкожо саймедиреди. Мындан сырткары, ал билим берүү жана илим министрин беш жылга кызматта отура тургандай кылып шайлоону сунуштады. Андан кийин гана жыйынтык күтүү керектигин белгиледи.

Жапаровдун кол алдында биринчи жолу министр болгондо жакшы саамалыктарды чыгарып Алмаз Бейшеналиев мугалимдердин батасына татыктуу болгон. Анын жакшы идеяларын социалдык жакты тейлеген ал кездеги вице-премьер Жылдыз Бакашова көрө албай, бийликке жамандап жүрүп министрден айдаткан. Бейшеналиев Европада адашып жүрүп мурунку айткандарын барын унутканбы, азыр койондой жоошуп, үн катпай калды. Ал алгач министр болгондо өздөрүн «граф», «уделдик князь» сезип калышкан мектеп директорлорун ротация аркылуу алмаштырууну көздөгөн. Мектеп директорлору Акаевдин заманында Майрам Акаеванын «Мээрим» фондун мактап жүрүп байлыкка жеткендер. Арасында Масалиевдин убагындагылар да бар эле алар жыл өткөн сайын азайып баратат. Акаевден бери беш президент алмашты, бирок мектеп директорлору бир мектепти өздөрү каалаганында чоюшуп «көмүскө бизнесмендерге» айланышкан. Башкасын койолу билим жана илим министрин, губернаторлорду «чемирчке чаккандай» көрүшпөйт. Купешов сыяктуу көпөс министрлерге бирдемесин тиштете коюшуп ишин ийгиликтүү улантып келатышат.

Ал эми Бейшеналиевдин тазалыгы кандай? Ушул жерден ишенимдүү өздүк булагыбыз айткан кепке токтололу. Өткөндө Түштүк тараптан бир чоң атка минер кол куушуруп, ийилип министрдин кабинетине келип, машакаттана сүйлөшүп отурат. Аягында 300 доллар сунса, түз иштегиси келген министр Алмаз Бейшеналиев параны албай койот. Тиги кургур берип көнгөнбү, айтор, жагдайды байкап кагаздардын арасына байкатпай кыстарып, баса бериптир. Билгизбей. Ал кеткенден кийин жашырылган акчаны Алмаз мырза көрүп калып, аябай бушайман жеп, түнү менен уктабай чыгат. Өзүн жаман сезип. Алмаз Бейшеналиев параны көргөн сайын чоочуй берет да, кантип ээсине жеткизем деп мээси катат. Эртеси таң атпай Ошко учкан биринчи рейстеги самолётко 300 долларды салып жиберип, бежендей келген жетекчиге капа болгонун айтып, катуу эскертүү берет. Шагын сындырыптыр. Албетте, ушул көрүнүш баарына үлгү болушу абзел. Эми да пара сунуштап, бузганга аракет кыла турган чиновник, кошоматчылар четтен чыгышса керек. Бул маалыматты окугандан соң тыйылып калышабы, же? Андан көрө параны коопсуздук органдарына алып барса туура болмок экен. Демек министр Алмаз Бейшеналиев өздөрүн «граф», «уделдик князь» сезип калышкан мектеп директорлорунан пара албайт.

Экинчи ирет Алмаз Бейшеналиев дайындалды. Кудайдын буйругу экен. Эми тажрыйбасын, уюштургуч жагын көрсөтүшү керек. Алмазбек Бейшеналиев эмне үчүн министрлик кызматтан кетип, кайра кайтып келгенин парламенттен айткан. Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев эмне үчүн кайра министрлик кызматка кайтып келгенин билдирген.Анын айтымында, ал Билим берүү министри кызматынан президент Садыр Жапаров аны элчи кылып дайындаган үчүн министрлик кызматтан кеткен.Чындыгына вице-премьердин да тиешеси бар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости