www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«МАНАС АЙЫЛЫ» этнографиялык комплексинин бүгүнкү абалы - акыркы 30 жылда бийликтин Манаска болгон мамилесин чагылдырат. Бул тууралуу орчундуу ой-пикирин философия илимдеринин кандидаты, доцент, Манас изилдөөчү Гүлзат Аалиева билдирди.
УЛУТУМ КЫРГЫЗ, УРААНЫМ МАНАС!
ТЕҢИРИМ ЖАЛГАП, КЫДЫР-УМАЙЫМ (КУДАЙЫМ) КОЛДОСУН!
Бүгүн, 2022-жылдын 29-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Манас айылы» этнографиялык комплексине барып, кийинки кездерде курч талкууга айланган этнокомплексттин маселесин чечүү жаатында өз пикирин билдирди.
Тилекке каршы, Президент сунуш кылган долбоордо «Манас» эпосунун өзү (сюжети менен дүйнө таанымдык элементтери) жок. Социалдык тармактар аркылуу замандаштар адилет белгилегендей, сунуш кылынган долбоор – Ысык-Көлдөгү «Рух-Ордонун» эле плагиаттык жалкий көчүрмөсү болуп калган.
Президентке көрсөтүлгөн долбоордон мен, орусча айтканда, пустая и дешевая обертканы гана көрдүм, бирок, ички маңызды таба албадым. 1995-жылы Аскар Акаевдин арзан пиар үчүн жүр нарыга сала оргу-баргы жасап, чала жан кылып таштап кеткен ишин азыр Садыр Жапаров кайра кайталаганы жатат. Демек, «Манас айылы» этнографиялык комплекси кайрадан жандуу рух жалганбаган муздак дубалга айланат экен, аттиң... Өкүнүчтүү.
Кыргыздын баа жеткис руханий байлыгы жана уникалдуу энциклопедиясы - бул «Манас» эпосу менен элдик оозеки чыгармачылык. Ошол көөнөргүс булактардагы философиялык ойлорду сабаттуу чагылдыруу аркылуу миңдеген туристтерди гана тартпастан, кыргыздын улуулугун, байыркылыгын бүткүл дүйнөгө жар салса болот.
Мен 2012-жылы Кытайга барганда Улуу Кытай сепилин бойлой кыдыракей жайгашкан, ошондой эле Пекиндеги императорлук дворлордун ичиндеги терең философиялык дүйнө таанымы менен чет элдик туристтерди өзүнө магниттей тарткан этнографиялык комплексттерди көрдүм эле.
Ватикандагы Сикстинская капелла деп аталган диний-теологиялык комплекс «Дүйнөнүн жаралышы» деп аталып, Кудай 7 күн ичинде ай-ааламды кантип жаратканын керемет чагылдырган залкар сүрөтчү Микеланджело Буонароттинин баа жеткис эмгектери менен шөкөттөлгөн.
Католиктердин дүйнө таанымын жогоруда аты аталган Микельанджело Буонароттинин эмгектери аркылуу гана көрүүнү каалаган туристтер дал ушул Сикстинская капеллага агылгагы агылган.
Касиети адам акылын таң калтырган Кайлас-Тоого жылына миллиарддаган туристтер каттайт. Анткени, ал жерде терең философия менен уникалдуу дүйнө тааным бар.
Менин айтайын дегеним: кыргыз элинин «Көкүл» деп аталган өтө байыркы жомогунун, «Эр Төштүк» эпосунун жана «Манас» үчилтигинин негизинде ата-бабаларыбыздан бизге баа жеткис таберик катары калган
- онтогенезди (72 миң Ааламдын жаралуу тарыхын),
- социогенезди (коомдун жаралышын),
- антропогенезди (жалпы кишизатынын жаралуу жана өнүгүү тарыхын),
- этногенезди (улуттун тарыхын),
- улуттун тарыхый Улуу Ишениминин өзгөчөлөлүктөрүн,
- улуттук нарк (этноэтикет) менен аксиологияны (баалуулуктарды)
керемет чагылдырган,
- ошондой эле атына заты келишкен уникалдуу этнокомплекс керек.
Ошондо гана «Манас айылы» этнографиялык комплекси урандыга айланган муздак дубал болбой, тескерисинче, кайрадан жанданып, демденип, Айкөл Манас атабыздын нарктуу эли менен салттуу урпактары үчүн өз кызматын чындап кылууга өтөт. Ошондой эле ал каржылык жактан өзүн өзү актаган жайга айланат, буюрса.
«Манас айылы» этнографиялык комплексинин бүгүнкү мышык ыйлагыдай абалы – эгемендик алгандан берки кыргыз бийлигинин Манаска болгон мамилесин кашкайта көрсөтүп, акыркы 30 жылда билимдүү жана идеяга бай идиректүү адистерди бийлик укпай келгени жана бүгүн да укпай бергени көкөйгө көк таштай тийип, зээнди кейитет.
Булак: NazarNews.kg