www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Головнойдон» 25 тургундун сөөгү табылды

Баткен облусунун Ак-Сай айылынын «Головной» аймагында тажик тараптын миномёттун ок аткылоосунан кийин 25тен ашуун жергиликтүү тургундун сөөгү табылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда аткылоодо каза болгондордун сөөгүн табуу иштери улантылууда.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев брифингде кабарлагандай, массалык адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Ошондой эле Лейлек районунда мылтыктан ок аткылоонун кесепетинен каза болгон 12 жаштагы кыздын өлүмүн жана унаа жолдорунда автоунааларды аткылоодон каза болгондор боюнча да фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Жалпысынан чек арадагы чыр боюнча 11 кылмыш иши козголгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости