www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек арадагы окуяда 118 кыргыз жаранына ок тийген

Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жаракат алгандадын 118ине ок тийген. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев маалымат жыйында билдирди.

"2-майга карата Кыргыз-Тажик чек ара чатагынан 162 адам жабыркап, 34 киши курман болду. Жаракат алгандардын 12си чек ара кызматынын жоокерлери, 17си милиция кызматкерлери, калгандары жөнөкөй жарандар болгон. Жарадар болгондордун 118ине ок тийип, 10нуна таш тийген. 3 жоокер, 31 жөнөкөй жаран октон каза болгон", - деди ал.

Ички иштер министринин орун басары Бишкек, Ош шаарларынан, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынан чакыртылган тергөөчүлөрдөн түзүлгөн атайын тергөө тобу Баткен облусуна жөнөп кетишкенин кошумчалады. Алар келтирилген чыгымдарды жана башка далилдерди топтоп жүрүшөт. Бүгүнкү учурда "Тынчтыкка каршы кылмыш", "Массалык башаламандыкты уюштуруу", "Адам өлтүрүү" жана башка 11 кылмыш иши козголгону маалым болду.

Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 178 адам жаракат алып, 34 адам каза болду.

Кыргыз-Тажик чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалдан улам жалпы 51 миң 398 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости