www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тараптардын күчтөрдү жана каражаттарды туруктуу жайгаштыруу жерлерине чыгарылып кетишин көзөмөлдөө боюнча биргелешкен жумушчу топтун иши улантылып жатканын маалымдайт.

Жабыркаган аймактарга гуманитардык жардам жеткирүү иштери уюштурулуп, ишке ашырылып жатат.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгында Коргоо министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрүнөн турган ыкчам штаб кырдаалды көзөмөлдөө боюнча ишин улантууда.

Чек ара бөлүктөрү жана укук коргоо органдарынын күчтөрү күчөтүлгөн режимде иш алпарууда.

Кырдаал президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости